Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Депутат Баяман Эркинбаевди өлтүргөн деп айыпталгандарды сот өлүм жазасына кести


БИШКЕК. Бул ишти караган Бишкектин Свердлов райондук соту өткөн жумада Махмутжан Рузиметов менен Сабыркул Батыровду өлүм жазасына кескен чечим чыгарганын бүгүн «Азаттыкка» аталган соттон тастыкташты. Маалыматтарга караганда, иштин жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу соттон эки айыпталуучуну тең 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бирок ишке төрагалык кылган судья аларды өлүм жазасына кескен. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 2005-жылдын 21-сентябрында Бишкекте өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG