Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ОРУСИЯДАН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭМГЕК МИГРАНТТАР ЖЫЛ САЙЫН 300 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРАЖАТ ЖИБЕРИШЕТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулу Турдалы Орозбаев "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешип, анын Орусияда эмгек этип жүргөн кыргызстандыктардын абалы тууралуу суроолоруна жооп берди.

Кабарчы: - Жакында, Екатеринбургга Кыргызстандын өкүмөт башчысы келип кеткен экен. Ал кишинин келип кетиши боюнча кеп куруп бербейсизби?

Орозбаев: - Феликс Куловдун Свердловск обулусуна келиши губернатор Росселдин чакыруусунан улам болду. Кыргызстан менен Свердлов обулусунун ортосунда жетишкен келишимдер аткарылбай калгандыгын, аларды териштирди десек болот. Мисалы, мурда түзүлгөн (Акаевдин президенттиги кезде – ММ) келишим беш беренеден турган. Ал беренедеги милдеттенмелердин бири да аткарылбай калган. Атап айтсак, Кыргызстан Свердловск обулусу менен биргелешип вагон чыгарчу соот курушмак болгон. Ал аткарылбай калыптыр. Узундугу 250 чакырым темир жолун салып берүүнү Свердловдук тарап аткара албаптыр. Кыргызстандагы тоок багуучу фабрикаларды шефке алмак болгон берене да ишке ашпай калган. Пахта тазалоочу соотту куруу беренеси да ишке ашкан эмес. Ошол иш жүзүнө ашпай калган максаттарды жандандыруу үчүн Кыргызстандан делегация келди. Делегацияга Ысыккөл жана Баткен облустарынын губернаторлору, ошондой эле министрлер мүчө болуп келип кетишти. Өлкөгө инвестиция алып келүү багытта келишимдерге кол коюу болду.

Губернатор Россель бул жерде кыргызстандыктар өндүргөн продукцияларын сатуу үчүн жер ажыратып бермек болду. Соода түйүнү жана дүкөн жайлары менен жайгашкыдай 10 гектар жер берүү чечилип калды.

Кабарчы: - Орусияга Кыргызстан президентинин расмий иш сапары болуп атканда да Маскөөнүн мэри Лужков диаспорага деп жер берүү, ошондой эле орусиялыктардын эс алуусу үчүн көл жээгинен жер кестирип алуу кеби болду эле. Ошого окшоп атат…

Орозбаев: - Мурун Ысыккөлдүн жээгине пансионат курууга Свердловск обулусу жер сураптыр. Бирок ал чечилбей калыптыр. Азыр болсо бийлик көл жээгинен Свердловск облусунун эли эс алуучу пансионат курууга жер ажыратып берүүгө убада берип кетти.

Кабарчы: - Турдалы Орозбаевич, Сиз башкы консул катары ал жактагы кыргыздар абалынан жакшы кабардарсыз деп ойлойм. Ушул маселеге токтоло кетпейсизби.

Орозбаев: - Мен бул жерге башкы консул болуп келгенден бери алты обулус жетекчилери менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Свердловск, Челябинск, Түмөн, Новосибирск, Томск облустары, Тоолуу Алтай жумуриятынын жетекчилери менен жолугуштум. Ошолор менен сүйлөшкөндө бул жердин (Орусиянын – ММ) атуулдугун алган кыргыздар же аны ала электери болсун ким-кимин жаман деген же сындаган кеп укпадым. Ээнбаштыкты (кыргыздар – ММ) билишпейт, бангизаттан алыс дешти. Ошого карабастан каттоого туруу үчүн берилүүчү үч күн Кыргызстандан келгендерди аябай кыйнап атат. Себеби үч күндө алар турушуна үй табууга араң үлгүрөт. Ал эми катталуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин ага штраф салат. Ошол жагы гана кыйнап атат. Болбосо келгендердин баары иш таап алышкан. Анан Кыргызстандын кайсы бир атуулдары Орусияга келсе эле акча өзү табылат дешсе керек. Алды артын ойлобой келгендер көп. Жол киреге акча тапса болду анан бул жакка келгенде тамагына, турган үйүнө төлөгүдөй акчасы жок олтуруп калышат.

Кабарчы: - Ошондой учур болуп калганда Сиздерде аларга тээк болгудай мүмкүнчүлүк барбы?

Орозбаев: - Биз тарптан жардам болуп эле атат. Мына, азыр эле, Түмөнгө 50 кишиге уруксат алып бердик. Мен миграциялык кызматтын башчысына дейре кирип атып аларга уруксат алып бердим. Азыр алар жатаканада жатып иштеп атышат.

Кабарчы: - Турдалы мырза, ал жакта жүргөн башаягы канча кыргыз бар?

Орозбаев: - Биздин башкы консулдук Урал жана Сибирдик федералдык округдардагы кыргызстандыктар абалына көз салат. Биз көзөмөлдүккө алган 22 субъект бар. Ал жерлерде диаспора топтору бар. Алар берген так тизмеде 78 миң кыргыз дареги бар. Бирок бул сан аз. Көпчүлүгү түз эле келип базарларда, курулуштарда иштеп жүрүшөт. Алардын толук тизмесин алуу өтө кыйын. Жакындаштырылган эсеп менен алганда 500 миңге чейин кыргызстандык бар деген сөз бар.

Кабарчы: - Сиз айттыңыз, кыргызстандыктарды бул жакта атуулдукту жеңилдетилген жол менен алып атат деп, канча киши алынгандыгы туурасында маалымат барбы?

Орозбаев: - Былтыр 3 миң киши кабыл алынган. Быйыл жарым жылда эле эки жарым миң болуп калды. Аларды атуулдукка алып атканда бардык кагаздары биз аркылуу өтөт. Аны көрүп туруп бир жагынан ичиң ачышат. Экинчи жагынан карасак, эмгек мигранттары Кыргызстанга 300 миллион доллар киреше алып келип атышат экен. Иштеп таап эне-аталарына жөнөтүп аткан каражат 300 миллион долларга жетет экен.

Кабарчы: - Ар жылына?

Орозбаев: - Ооба. Ушул жердеги кыргыздар менен жолугушуу өткөргөн сайын алардын чоң үмүтү бар экенин көрөсүң. «Жаңы бийлик Кыргызстандын экономикасын көтөрөбү? Бизге жумушчу орундарды ачып берсе биз бирөөнүн эли, бирөөнүн жеринде жүрбөйт элек», - деген көп сөздөр болот. Ушул сөздөрдү уккандан кийин «а, биздин атуулдар кайра келишет экен го» деген ой менен ичиң жылыйт.

XS
SM
MD
LG