Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУНДА ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАДЫ


Фатима Абдалова Жайдын башталышы менен Орусиядагыдай эле Кыргызстанда да темир жол каттамдарынын баасы өстү. Бул болсо – эл аралык темир жол уюмдары бул тармактагы эсеп-кысапты швейцариялык франк бирдигинде жүргүзгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Демек, франктын катышы менен жолкире да көтөрүлүп жатат.

Алгач кыргыз темир жол бекетинде белетке кезекте турган айрым жүргүнчүлөрдүн оюн угуп көрөлү. Алар аты-жөндорүн айткылары келбеди...

Биринчи жүргүнчү:

“Мен Москвага белет алып атам. Баалар кымбаттады... Мурда Москвага белетти 3600-3700 гө ортомчулардын колунан алчубуз. Азыр болсо, 4300 гө алып атабыз. Карабайсызбы, элдин баары эле нааразы болуп атат буга...”

Экинчи жүргүнчү:

”Орусиянын поюзун алып эле салышса болмок. Алардын тейлөөсү өтө кымбат. Кыргыз поюзунан 3000 сомго айырмасы бар. Биздин поюз жумасына 1 жолу каттаса, орустардыкы 2 ирет чыгат. Кыргыз поюздар жүрсө, мамлекеттин экономикасына деле пайда болбойт беле...”

Кыргызстанда темир жолдогу жергиликтүү каттамдар Бишкек-Токмок-Балыкчы жана Бишкек-Мерке багыттары боюнча жүрөт. Ал эми алыскы каттамдар – негизинен Орусия чөлкөмүнө жол алат. Темир жол кызматкерлеринин пикиринде, негизи жайында франктын катышы жогорулап, андан улам жолкирелер да өсө түшөт. Кыргыз темир жол бекетинин начальниги Таалай Касымалиев “Азаттыкка” билдиргендей, азыр поездге жолкирелер 10 пайызга жогорулады:

-Биринчиден бул бааларды биз койгон жокпуз. Муну улуттук антимонополдук агентство коет. Экинчиден, биздин эл аралык келишимдер бар. Ал эми эл аралык темир жол уюму швейцариялык франк бирдигин негиз тутат. Андыктан ай сайын тарифтин өзгөрүшү менен, жолкире баалар да өзгөрүп турат.


Кыргыз темир жолдун жолкирелер жана жүктөр боюнча эсепчиси Зейнегүл Чудоева швейцариялык франктын катышы менен жогорулаган темир жол баасын сом менен төмөндөгүчө айырмалады:

-Мурда Балыкчыга чейин 35 сом болсо, азыр 70 сом болду. Балдар үчүн болсо мурда 23 сом болсо, азыр 35 сом болду. Бишкек-Мерке мурда 41 сом болсо, азыр 82 сом болуп калды. Ал эми Орусияга болсо поезддеги жолкире баа 4024 сом болду. Орусиянын поезддеринин баасы болсо, бизден эмес ошояктан чечилет.

Албетте кагаз жүзүндө жолкире баалар бир башка болгону менен, иш жүзүндө “ортомчулар”, “узатуучулар”, “дагы башкалар” болуп, айланып келип булардын салмагы элге эле түшүп атат. Анан калса, кыргыз темир жолдун начальниги Таалай Касымалиевдин “жолкирелер 10 пайызга көтөрүлдү” дегени менен аталган жетекчиликтин эсепчиси Зейнегүл Чудоеванын жолкире бааларын салыштыруусу дал келбей да жатат...

XS
SM
MD
LG