Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ПАНСИОНАТТАРДЫ КАЗАКСТАНГА БЕРҮҮ ТУУРА ЧЕЧИМ БОЛДУБУ?


Ысыккөл жээгиндеги Казакстанга тиешелүү делинген төрт эс алуу жайынын Казакстандын менчигине өткөрүлүп берилиши кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлерди жаратты. Айрымдары пансионаттардын казактарга берилиши өлкөнүн экономикасынын көз карандысыздыгына алып келет дешесе, экинчилери муну айласыздан жасаган иш деп баалашты. Пансионаттардын Казакстанга өткөрүлүп берилишине Ысыккөлдүн тургундарынын пикири кандай болду экен?

Ысык-Көл жээгинде жайгашкан «Казакстан Автомобилисти», «Самал» , «Казакстан» жана «Университет» пансионаттарынын тагдыры буга чейин чечилбей келип, эки өлкө ортосунда пикир келишпестикти жаратып келген. Июль айынын башында Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында президент Курманбек Бакиев бул маселеге чекит койду.

Союз ыдырагандан кийин кайсы бир өлкөдө курулган объектилер ошол өлкөдө калышы керек деген чечим кабыл алынган. Ошондон улам Кыргызстандын жеринде казактардын каражатына курулган пансионаттардын тагдыры 15 жыл чечилбей келген. Адистердин такташынча, мында жер ижарага берилип, анда курулган объектилер гана менчикке берилди. Эми бул маселе боюнча эки мамлекет башчы ортосунда атайын келишимге кол коюлганы менен акыркы сөз парламент депутаттарынын чечимине байланыштуу болот. Анткени мыйзамга ылайык, эл аралык келишимдер парламенттин ратификациясынан өтүшү керек.

Мына ушул төрт эс алуу жайынын казактарга биротоло өткөрүп берүү чечими саясий чөйрөнү, жалпы коомчулукту кызуу талкууга алып келди. Бири бул чечимди туура, анткени аталган пансионаттар казактардын каражатына курулган деп айтышса, маселенин мындай чечилишине каршы чыккандар да болду.

Ал эми Көлдүн тургундары бул маселеге кандай көз карашта? Бостери айылынын тургуну Кудаяр Андашев бул пансионаттар илгертен эле казактарга таандык болгон, ошондуктан алардын менчикке берилишин туура деп эсептейт:

-Эми бул эс алуу жайлары мурунтадан эле казактардыкы болчу. Казактарга бергени туура эле, өз каражатына курушкан да. Бизге деле жакшы болуп жатпайбы, жумушчу орун болуп жатат.

Көл жээгиндеги жер үлүшүнүн башка мамлекетке ижарага берилишине терс көз караштарын билдиргендер да болду.

Бостери айылында базарда соода кылып жаткан Майрам Абылованы сөзгө тарттык. Ал Ысыккөл жээгинде жайгашкан эс алуу жайларын чет жакка берип жатып бийликтеги аткаминерлер карапайым элдин кызыкчылыгын эмес, өз чөнтөгүнүн калыңдыгын ойлоп жатышат деп эсептейт:

-Пансионаттардын барын сатып жиберишти, жалаң чоңдор алып жатышат. Казакстанга, дагы башка өлкөлөргө берип жатат, мындан чоңдор гана жыргап жатышат. Мисалы, менин билишимче, элдин көпчүлүгү нааразы. Элдер эс алганы бары бир келет, андан түшкөн акчаны болсо баягы эле чоңдор алат.

Төрт пансионаттын казактарга биротоло өткөрүп берилгени жергиликтүү калк ичинде жумушчу орундарды пайда кылат, жергиликтүү бюджетке каражат түшөт деп айтылып келгени менен айыл тургундарынын көптөрү жумушу жок жүрүшөт.

-Пансионаттарга жалаң тааныштарын, тууган-туушкандарын алып иштетип жатышат. Элдин көбү базарда отурат. Мына отура турган жерибиз да жок, жакшыраак базар салып койсо деле болот эле, -деди Майрам Абылова.

Бул маселе боюнча өз атын атагысы келбеген, Бостери айылында жайгашкан эс алуу жайларынын биринин жетекчиси маселенин мындай чечилиши туура деген оюн “Азаттыка” берген интервьюсунда билдирди:

-Айласыздан “туура” деп айтууга туура келип жатат. Мына мен көп жылдар бою пансионатта иштеп келатам, бербей койсок казактар биз менен такыр алака кылбайт. Бизди келекелеп жатат. Биз эми бир байкушпуз, бербей койсок бизди өз чөйрөсүндө шылдыңдап, карабай койгону жатышат.

XS
SM
MD
LG