Босниялык сербтердин өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү аскер кылмыштарын жасаган деп айыпталууда. Радован Караджич жетектеген өкмөттө юстиция министри жана ички иштер министринин орун басары болуп иштеген Момчило Мандичке 90-жылдардын башында Сараевого чабуулдарды уюштурган деген күнөө коюлуп жатат.