Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

КЫРГЫЗСТАНДЫ КӨРҮШ ҮЧҮН ЖАЙКЫ МЕКТЕПТИ ТАНДАП АЛЫШКАН


Дүйнөнүн чар тарабынан Кыргызстандын кооз жерлерин көргөнү, элдин нукурлыгы, каада-салтын үйрөнгөнү, ыр-күүсүн укканы келген чет элдиктер Алатоо аймагына ар кандай жолдор менен келишет. Кыргызстанды таанытуу, чет өлкөлөр менен илимий-маданий байланыштарды өнүктүрүү максатында Бишкектеги «Кыргыз-түрк «Манас» университети быйыл экинчи жолу эларалык жайкы мектепти ачты.

Мындай жайкы мектеп долбоорун өткөн жылы биринчи жолу уюштурушкан, натыйжасы жаман болгон жок. Анын катышуучулары өз мекендеринде Кыргызстанды таанытуунун үгүтчүлөрү катары эсептелишет. Алатоого болгон арзуусу артып мектепке экинчи жолу кайтып келгендери да бар. Бул эл аралык жайкы мектепти уюштуруунун максаты жөнүндө сураганыбызда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ректору Карыбек Молдобаев мырза буларга токтолду:

- Бул эми Кыргызстанда жаңылык, Батышта болсо салт болуп калган көрүнүш. Баарынан мурда муну жасап жатканыбыз республика үчүн, Кыргызстанды дүйнөгө таанытыш үчүн аракет кылып жатабыз, ошондуктан бул мектептин ролу абдан чоң.

-
Карыбек мырза, мектептин угуучулары кайсы өлкөлөрдөн келишти?
-
- Дүйнөнүн чоң, өнүккөн өлкөлөрүнөн келип атышат. Мектептин угуучулары: Америкадан, Германиядан, Италиядан, Англиядан, Япониядан, Белгия, Кытай, Полша жана башка өлкөлөрдөн.

-
Сиздер чакырган коноктор кандай кесиптерди аркалашат билсек болобу?

-
- Угуучулардын арасында иш адамдары, илимий кызматкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, докторанттар, магистранттар. Булар Кыргызстандын жаратылышына, тарыхына, маданиятына абдан кызыгып атышат.

Эл аралык жайкы мектептин угуучулары үчүн көрүнүктүү мамлекеттик коомдук ишмерлер Чынгыз Айтматов, Ишенбай Абдыразаков, манадият ишмерлери Тургунбай Садыков, Мурат Бегалиев, министрлер Медет Керимкулов, Акылбек Жапаров, ишкерлер Өмүрбек Абдырахманов, Эмил Үмөталиев жана башкалар ар кими өз тармагы боюнча лекцияларды окушаарын маалымдашты.

Эл аралык жайкы мектептин айрым катышуучулары менен таанышып, Кыргызстанга келишинин себеп-максаттарын сурап, кепке тарттык:

- Менин атым Гулалы Люсей. Лондондон келдим. Түбүм, ата-тегим Пакистандын Кашмиринен болот. Мени Кыргызстан саясат таануучу катары кызыктырат. Бул өлкө жөнүндө маалыматты сырттан эле угуп жүрө бербей, өз көзүм менен көрөйүн, жакындан таанышайын деп келдим. Тааныштарым да Кыргызстанды өзгөчө мамлекет, саясатын изилдеп көрбөйсүңбү деп калышты. Өткөн жылдагы ынкылап жөнүндө да кабарым бар.

- Менин атым Джин. Американын Фирджини штатынан болом. Өзүм мугалим болуп иштейм. Алтымыш үч жаштамын. Мурда мен Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Бир күнү эле интернеттен сиздердин өлкө жөнүндө окуп калып, аябай кызыктым, анан көрүшүм керек, барам деп чечтим. Мына эми ал ойум ордунан чыгып, Кыргызстанда жүрөм. Өз окуучуларыма, америкалыктарга Кыргызстан жөнүндө эми көп нерсе айтып бере алам.

- Атым Кутлук. Жапониядан келдим. Улутум уйгур болот. Университтетте Борбордук Азия мамлекеттеринин тарыхы боюнча лекция окуйм, сабак берем. Анда кыргыз тарыхына да кеңири орун берилген. Андан сырткары үч жыл болду, кыргыздын «Манас» дастаны жөнүндө да окутам. Мен бир нече жолу Кытайдагы манасчы Жусуп Мамай менен жолугуп, бул кайталангыс уулуу чыгарма жөнүндө көптү үйрөндүм. Ошондон кийин «Манасты» изилдеп жүрөм, бул жерде да тирүү манасчыларды жолуктурабыз деп жатышат. Жалпы эле кыргыз маданиятын кененирээк билсем деп келдим.


- Мен Вини Ли. Музыка изилдөөчүмүн. Кыргыз музыкаларын ДВД, СД аркылуу угуп суктанчумун. Былтыр Нью-Йоркто кыргыздын «Теңиртоо» ансамбли концерт бергенде катыштым. Мени алар аябай таң калтырды, ошентип кыргыз музыкасы мени арбап алды, анан Кыргызстанга алып жөнөдү.

«Манас» университети Эл аралык жайкы мектептин угуучулары үчүн 17 күндүн ичинде Кыргыз маданияты, каада-салты менен кенен таанышууга шарт түзүшүптүр. Алар керемет Ысыккөлдө болушат, Сонкөлдө боз үйлөргө түнөшүп, кымыз ичишет, жалпы эле көчмөн турмуш менен жакындан аралашышат. Комуз күүлөрүн угушуп, манасчылар менен жолугат, көкбөру оюнун көрүшөт. Байыркы Ош шаарына саякатка барышат. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе коноктор күн сайын бир сааттан кыргыз тилин үйрөнүү боюнча сабак алышат.

Жайкы мектептин угуучулары өз өлкөлөрүнө баргандан кийин да Кыргызстан жөнүндө ар кандай, кеңири маалыматтарды жайылтууга милдеттенме алышкан. Четөлкөлөрлүктөр менен кызматташуунун мындай формасы Кыргызстандын башка мамлекеттер менен экономикалык карым-катышын арттырууга, маданият, илим-билим чөйрөсүндөгү алака-катышты активдештирүүгө өбөлгө болоруна ректор Карыбек Молдобаев мырза ишенерин билдирди:

- Бул эл аралык мектеп Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташууга, жогорку окуу жайлар ортосундагы байланыштарды чындоого таасир берерине, жардам болоруна, ишенем.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG