БИШКЕК. Бүгүн Кытайдын Кызылсуу автономиялуу облусундагы Артуш шаарында кыргыз улуттук суусундуктарын чыгаруучу кыргыз-кытай биргелешкен “Шоро” ишканасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу “Азаттыкка» учурда Артыш шаарында жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков телефон аркылуу билдирди. Биргелешкен ишкананын ачылыш урматына Артыш шаарында эки күндөн бери кыргыз-кытай футболдук командаларынын достук беттешүүлөрү өтүүдө.