Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

КЫРГЫЗСТАНДА БАЛДАРДЫН ӨЛҮМҮ КӨРСӨТКҮЧҮ ЖОГОРУ


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен балдардын өлүмү боюнча алдыңкы орунда турган мамлекеттердин бири. Мындай жагдайга өлкөдөгү оор экономикалык абал менен бир катар болочок энелердин өз ден-соолугуна кайдыгер мамилеси, жер-жерлерде кадрлардын жетишсиздиги жана ооруканаларда материалдык-техникалык базанын начардыгы негиз болууда, дешет адистер.

Жакырчылык, айлана чөйрөнүн бузулушу балдар арасында аз кандуулук, өпкө, жүрөк ооруларынын, жугуштуу дарттардын күчөп, көбөйүшүнө алып келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, балдар негизинен дем алуу органдарынан жабыркагандыгынан, тубаса оорулардан жана ар кандай жугуштуу оорулардан каза табышат.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү башкармалыгынын жетекчиси Токтогазы Кутукеевдин айтымында, балдардын өлүм көрсөткүчү түштүк областтарында жана Нарында курч турат. Балдардын өлүмүнө негизинен дары дармектердин жетишсиздиги жана ата-энелердин баланын ден-соолугуна кайдыгер мамиле жасаганы, айрым учурларда ооруу тууралуу маалыматтын жоктугу себепкер болууда.

-Көп ата-энелер балдарын ооруканага алып барбай, үйдөн эле дарылап жатат.Түштүк аймагында бул маселе өтө курч турат. Алыскы райондордо дары-дармектер жетишсиз. Мына Нарындагы биздин ден-соолук комитеттерибиздин маалыматына таянсак, акыркы учурда Нарында бир жашка жетпей эле каза болуп жаткан наристелердин саны көбөйгөн экен,- дейт Токтогазы Кутукеев.

Наристе балдар негизинен жугуштуу жана паразитардык оорулардан, кургак учук, тамак сиңирүү органдарынан жабыркашууда. Ал эми балдардын 51 пайызы дем алуу органдарынын оорулары менен оорушат. Мындай жагдайга үй бүлөөнүн экономикалык абалынын начардыгы гана эмес, башка себептер да түрткү болууда.

-Бул жерде бир гана экономикалык абал себепкер деп айтуу туура эмес. Көп эле ооруканаларда жылуулук жок болуп, баланы киринтип жатып суук тийгизишет. Үйүнөн жакшы карабай суук тийгизгендер да көп. Эми айтып отурсак себептер көп. Бул өзүнчө бир чынжырдай да,-дейт Токтогазы Кутукеев.

Эң жакшы нерселердин бардыгы балдарга деген саясатты тутунган менен Кыргызстанда жакырчылык менен жокчулук балдардын саламатчылыгына, таалим -тарбиясына көп залакасын алып келди. Чондор арасында аракечтик, баңгиликтин жайылышы, жугуштуу оорулардын күчөшү балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошонун айынан ара төрөлгөн, кейпи суук төрөлгөн балдар көбөйдү. Ал түгүл эненин курсагында жатканда эле сифилис, СПИД дартына чалдыккан ымыркайлар да төрөлүүдө.

Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин айтымында, акыркы жылы республикада балдардын өлүм көрсөткүчүнүн жогорулашынын себептеринин бири - 2004-жылы Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун балдардын өлүмүн каттоо боюнча атайын системасына өтүшү менен байланыштуу болду:

-Анын негизинде 22 жумадан өйдө төрөлгөндөр, же болбосо салмагы 500 граммдан жогору болуп төрөлгөн балдар тирүү төрөлгөн балдар деп эсептелинет. Балдардын өлүм көрсөткүчү тууралуу сөз кылсак, эгерде 2003-жылы бизде 20,8 парамил болсо (1000 балага 20 бала), 2004-жылы бул көрсөткүч 25, 5 болду. Ал эми 2005-жылы 29, 4 парамил болду. Бул ошол жаңы каттоо системасына өткөнгө байланыштуу.

Ушул жылдын 1-мартынан тартып боюнда бар аялдар жана 5 жашка чейинки балдар кошумча акы төлөөдөн бошотулуп, дарылоо бекер боло баштаган. Камчыбек Узакбаевдин белгилешинче, мына ушундай тартиптин киргизилиши менен балдардын өлүм жана ооруга чалдыгуу көрсөткүчү бир кыйла төмөндөй баштады:

-Мына ушул жаңылануунун киргизилиши балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүн кыскартууга чоң жардам берди. Анткени, көп эле ата-энелер кошумча акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болуп, дарылоочу мекемелерге алып келчү эмес. Эми 1-марттан, бул тартип күчүнө киргенден тартып балдардын өлүмү жана ар кандай ооруларга дуушар болгону азайып калды, - деди Камчыбек Узакбаев.

Бириккен улуттар уюмунун балдар фондусунун отчетуна ылайык жыл сайын дүйнөдө 11 миллионго жакын балдар каза болот.

XS
SM
MD
LG