БИШКЕК. «Келкел», «Эркин муун» жана «Юстиц-кыймыл» деп аталган жаштар уюмдарынын өкүлдөрү флэш-моб акциясын өткөрүшүп, Ак үйдүн темир тосмолоруна түстүү тасмаларды тагышты. Алар ушундай аракет менен тилектери кабыл болушун тилешет. Жаштар уюмдарынын мындай кадамга барышына жаңы Башмыйзамдын долбоорлорунда Конституциялык соттун Жогорку сот менен бириктирилиши себеп болгон.