Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

КЫТАЙ РОССИЯНЫН ЭНЕРГОСЕКТОРУНА КИРҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ


Кытайдын Улуттук Петролеум корпорациясы Россиянын Роснефть мамлекеттик компаниясынан 500 миллион долларлык баалуу кагаздарын сатып алгандыгын ырастады. Бул Роснефттин Лондондогу баалуу кагаздар биржасына чыгарган баалуу кагаздарынын аз гана бөлүгү. Серепчилер Кытайдын бул кадамын анын керт башынын энергетикалык коопсуздугу үчүн көргөн чарасы катары сыпаттап жатышат. Бирок Кытай Россиянын мунай жана газ рыногунда анчейин жагымдуу инвестор эмес экенин белгилей кетүү керек.

Кытай алгачында сатыкка койулган кагаздардын 3 миллиард долларлык өлчөмүн сатып алып, Роснефтинин болжолу менен үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылып калууну каалаган. Бирок ал пландары ишке ашпай, ал болгону жарым миллиард долларлык үлүшкө ээ болду. Буга чейин Кытайдын Мамлекеттик Мунай Компаниясы Казакстандын эң ири ПетроКазакстан мунай компаниясынын 4 миллиард долларлык акцияларын сатып алып, ошону менен бирге эле Азербайжан, Канада, Индонезия, Мианма, Оман, Перу жана Түркмөнстандын мунай жана газ өндүрүшүнө инвестиция жасаган. Кытайдын максаты азыр гүргүштөп өнүгүп жаткан экономикасын энергия менен камсыз кылуу.

Кытай өзүнө эмне себептен азыраак үлүш тийип калганын айтпайт, бирок серепчилер бул жерде Кремлдин да ролу жок эмес экенин айтып жатышат. Лондондук аналитик Куен-Вуук Пайктын Кремль Кытайдын мунай жана газ секторуна кирүү аракеттерин мындан мурда да четке какканын, анын биринде Кытайдын Славнефть менен соода-алакасы ишке ашпай калганын билдирет.

"Анын себеби, Кытайдын Мамлекеттик Мунай Компаниясынын өкүлдөрүнүн бири сүйлөшүү үчүн Москвага келген чакта аэропорттон уурдалып кеткендигинде. Бул иштин артында кытайлык компания менен басакелешип жаткан орус компанияларынын бири болгондугу божомолдонот",- дейт серепчи.

Роснефтинин төрагасы Игорь Сечин Кытайдын аракеттерин анчейин жактырбагандардын бири болучу. Бирок, анын позициясы 2004-жылдан бери жумшаргансып калды. Анткени Кытай ошондо беш жылдын ичинде сатып ала турган 50 миллион тонна мунай үчүн алдын ала 6 миллиард доллар өлчөмүндөгү сумманы төлөп берген. Ал кезде жандуу капиталга каржалып турган Роснефть эл аралык финансылык институтттардан карыз ала алган эмес, анткени Батыш аны Юкос мунай компаниясын жок кылгандардын бири деп эсептеген.

Кытай менен мунай жана газ тармагындагы кызматташуу келишимине кол койгону менен расмий Москва кошуна Кытайдын Россиянын энергосекторунда ири үлүшкө ээ болуусун жана кийин ага өз талаптары менен шарттарын койуусун каалабайт. Бирок, серепчилер Кытай ан үчүн Россияда ачылып турган мүмкүнчүлүктөн оңой менен баш тарта койбосун айтышат. Мунай менен газга жарды Кытай бул кенемтени башкалардын үлүшүнөн өөнөп калуу аркылуу толтургусу бар.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG