Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

ЭЛЕТ ЭЛИ МААЛЫМАТКА МУКУРАП ТУРАТ


Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар бийлик менен элдин ортосундагы ишенбөөчүлүктүн жана нааразычылыктын күчөп жатышы атуулдардын, өзгөчө элет элинин маалыматка болгон муктаждыгынын чечилбегендиги менен түшүндүрүшөт. Мындай жыйынтыкты расмий өкмөт да моюнга алып, ал кенемтени толтуруу устүнөн иштөө зарылдыгын айтууда.

«Шоола-Кол» коомдук уюму «Ачык айыл өкмөтү» долбоорунун негизинде Ысыккөл облусунун 7 айыл-кыштагында жергиликтүү элдин маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүгү жана укугуна байланышкан абалды иликтөөгө алган. Натыйжада элет эли өлкөнүн Баш мыйзамындагы «ар бир атуулдун мамлекеттик органдардан, жергиликтүү бийликтерден өзүнө керектүү маалыматты алуу укугун» толук пайдалана албай жаткандыгы аныкталган.

Айталы, Чолпоната жана Кажысай шаарчаларында сурамжылангандардын 60 пайызы республикада болуп жаткан окуялар, кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин, андай шарт жергиликтүү бийлик органдарында түзүлбөгөндүгүн айтышкан. Болгону 5 пайызы маалыматка болгон муктаждыгын канааттандыра ала тургандыгын билдиришкен.

Ысыккөл жергесинде түзүлгөн мындай абал жалпы республикага тиешелүү экендигин Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу үлуттук агенттигинин жооптуу кызматкери Жекшенбай Жанбоев жашырбайт:

- Жергиликтүү бийлик органдарына республикада кабыл алынып жаткан укуктук документтер, жаңылыктарды жеткирүү жагынан кичине өксүк болуп жатат .

Иликтөөнүн жыйынтыгына үңүлсөк айыл өкмөт башчылары жана башка жергиликтүү бийлик органдарынын көпчүлүгүнүн совет заманындагы буйрукчул, тескөөчүлүк иштөө ыкмасынан кутула албай жатышат. Элет элинин көбү айыл өкмөтүндө кандай иштер жүрүп жатат, эмне чечим кабыл алынды кабары жок. Айыл өкмөттүн бюджети жана башка маанилүү документтер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жок болгондон кийин жергилктүү эл кайсы бир маалымат үчүн кайрылышпайт. Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну, жергиликтүү кеңеш депутаты Чынара Бакова компьютерди кой, керектүү маалыматты машинкеге бастырып, эшиктеги тактага илип койууга мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүгүн айтат:

- Эми айыл өкмөттөрү элге маалымат берүүдө иш жасашпайт. Айыл өкмөттөрүндө залдар, маалымат такталары бар, компьютер жок болсо деле машинкага басып илип койсо, эл келип окуп турат эле да .

Элдин республикада, айыл өкмөттө эмне иш болуп жатканы тууралуу маалыматы жок, аны алуу укугунан пайдалана албай жаткандан кийин бийлик менен элдин ортосунда түшүнбөөчүлүк болуп, жаңжалдардын чыгышына шарт түзүүдө,- дейт Жаштардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү Назгүл Турдубекова:

- Ушундай түшүнүксүз, ачык эмес саясат жүргүзгөндүктөн ортодо нааразычылыктар болуп, кээде конфликтилер чыгууда.

Республикадагы, бөтөнчө айыл жериндеги маалыматка болгон элдин суусунун кандырууну азыркы Кыргыз өкмөтү убагында сезип, кырдаалдын кыйын экендигин моюнга алып, атайын токтом чыгарып, өлкөдөгү 476 айыл өкмөтүнун бардыгын бирден компьютердик комплект менен камсыз кылуу үчүн финансы министрлигине каражат бөлүү милдеттендирилген. Бул маселе жакынкы убакта оң жагына чечилсе бардык айыл өкмөттөрдү бирдиктүү интернет түйүнүнө кошууга, аларды элге керектүү маамлыматтар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, деп эсептейт Жекшенбай Жанбоев.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG