Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Польшанын парламенти жаңы премьер-министр Ярослав Качинскийдин жетекчилигиндеги өкмөткө ишенимин көрсөттү


Польшанын парламенти жаңы премьер-министр Ярослав Качинскийдин жетекчилигиндеги өкмөткө ишенимин көрсөттү. Ярослав Качинский өлкө президенти Лех Качинскийдин эгиз бир тууганы жана өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан “Укук жана акыйкат” консервативдик партиясынын лидери. Өткөн аптада Польшанын президенти Лех Качинский Ярослав Качинскийди мурдагы премьер-министр Каземиж Марцинкевичтин отставкага кеткендигине байланыштуу өкмөт башчылыгына дайындаган. Өлкөнүн өкмөтүнүн курамы дээрлик өзгөртүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG