Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:47

Өзбек чек арачылары менен бажычылары эки тараптуу келишимдерди бузууда


БАТКЕН. Сох анклавныдагы “Кызылкыяк” чекара жана бажы бекетинде Баткен районуна караштуу Дара айыл өкмөтүнүн тургундары, 16 жаштагы эки кызды өзбек бажы жана чекара кызматкерлери себепсиз 4 саат кармап, кыздарды маскаралап, уят сөздөр менен шылдыңдашкан. Жыйынтыгында окуучу кыздар кайрадан артка кетүүгө мажбур болушкан. Бул тууралуу жабыркаган кыздар арыз менен бүгүн облустук бийликке кайрылышты. Ушул эле күнү облустук бийликтин жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган топ маселени териштирүү үчүн сүйлөшүүгө барышкан. Бирок өзбек тарап аларга орой мамиле жасоо менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Облустук бийликтин өкүлдөрүнүн айтымында, өзбек чек арачылары менен бажычылары жогорудагыдай аракети менен кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда 2002-жылы кол коюлган келишимди бузууда.

XS
SM
MD
LG