БИШКЕК. «Жерүйалтын» жабык акционердик коому австриянын «Глобал голд» компаниясы менен Кыргызалтын акционердик коомунун ортосунда биргелешип түзүлдү. Бул биргелешкен ишкананын 60 пайыз акциясы «Глобал голд» компаниясына, 40 пайызы «Кыргызалтынга» тиешелүү. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Жерүй алтынын буга дейре англиянын «Оксус» компаниясы иштетмекчи болуп, бирок кыргыз өкмөтү андан милдеттерин аткарбаганы үчүн лицензиясын алып койгон.
«Жерүйалтын» биргелешкен ишканасына Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча лицензия берилди