Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоду


БАТКЕН. Катта өзбек чек ара жана бажы кызматкерлери акыркы күндөрдө мыйзамсыз аракеттерди жасоо менен кыргыз-өзбек келишимин бузуп жатканы жазылган. Маселен, жакынкы күндөрдө эле Өзбекстандын Сох анклавынын киреберишинде жайгашкан Чечме бажы бекетинде Баткен районунун бир тургунуна тиешелүү 1,5 миң сом акча өзбек бажы кызматкери тарабынан алынып коюлган. Өзбек бажы кызматкери бул аракетин кыргыз атуулу чек арадан өтүү тартибин бузган, башкача айтканда акчасын декларацияга киргизбей койгону менен түшүндүргөн. Бул тууралуу 22-июль күнү облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG