Президент Курманбек Бакиев Конституциянын долбоорлоруна өзүнүн он пункттан турган сунушун берди. Анда мамлекет башчысы келечектеги негизги мыйзамда Конституциялык сотту, орус тилине расмий статусту, өлүм жазасын, президент, депутат жана сотторго кол тийбестикти калтырууну сунуштаган. Андан сырткары президент парламенттин 75 депутаттан туруп, анын 25% бир мандаттуу округдардан шайланышын жактаган. Бул тууралуу долбоорлорду жазуу боюнча жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымына караганда, келерки жума ичинде долбоорлор жазылып бүтүп, президентке тапшырылат.