БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеште Россиянын мамлекеттик думасынын төрага орун басары Владимир Жириновский менен парламенттин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков маалымат жыйынын өткөрөт. Жириновский ушул эле күнү өлкө башчысы жана өкмөт башчы менен да жолугушуусу күтүлүүдө.