Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

БААУнун президенти билдирүү менен чыкты


БИШКЕК. Борбор Азиядагы Америка Университенинин президенти Эдллен Хурвиц университеттин юридикалык факультенин айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 24-июлда билдирүү менен чыкты. Анда ал билим берүү министрлигинин билим сапатын көтөрүү боюнча көрүп жаткан аракетин колдоорун айтып, ошол эле кезде билим берүүнүн деңгээлин эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн кээ бир маселелер чечилиш керектигин белгилеген. Андай маселелердин бири катары Хурвиц айым эл аралык жана мыйзамдык укуктардын стандарттарын иликтөөнү атаган. Бул үчүн министрлик атайын комиссия түзүп, коюлган маселелерди чечүүгө киришерине үмүт артканы билдирүүдө белгиленген.

XS
SM
MD
LG