Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Жалалабад облусунда куралчан белгисиз топ изделүүдө

ЖАЛАЛАБАТ. Ички иштер Башкармасынын маалымат кызматы билдиргендей, башкармалыктын оперативдүү тобу Базаркоргон жана Сузак райондорунун кесилишиндеги адыр-колотторду көзөмөлдөн өткөрүүдө. Изделип жаткан белгисиз куралчан адамдар жана алар тууралуу шектүү далилдер азырынча табыла элек. 23-июлда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү адамдар “Ташбака-Күнгөй” жана “Атчабар” тоолорунан белгисиз куралдуу үч адамды байкаганын билдиришкен. 14-июлда коопсуздук кызматкерлерине каршылык көрсөткөн куралдуу 5 адам жок кылынган. Өзбек ислам кыймылынын мүчөлөрү деп шектелген ал адамдардын шериктерин издөө күмөндүү деп саналган айыл-кыштактарда улантылууда.
XS
SM
MD
LG