Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

ЛУКАШЕНКО ИЧИМДИККЕ КАРШЫ СОГУШ АЧМАК БОЛУП АТАТ


Беларусияда алкоголизмге каршы күрөш күч алууда. Алкогол ал өлкөдө коомду ичинен иритүүчү, ошондон улам мамлекетке коркунуч туудуруучу тамак катары бааланууда. Беларусиянын ички иштер министрлиги калктын ичимдикке берилүүсүн азайтуу максатта даярдаган президенттик токтомду турмушка ашырууга киришкен. Өзгөчө коомдук жайларда ичимдик ичүүгө тыюу салынууда. Андай жайларда күчтүү ичимдикти сатууну азайтуу, ал тургай чектөөгө дейре барат дешет. Ичимдик катарына пиво да кошулган. Ошондой эле ичимдикти рекламалоого да тыюу салынып атышы айкын болот. Беларусиядагы ичимдикке каршы ачылган күрөш тууралуу «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Валентин Митте жазган макаланын мазмуну менен Муса Мураталиев тааныштырат.

Макала Беларусияда ичимдикке берилүү калктын санынын азайышына дуушар кылып аткан жаман көрүнүш экендигин талдоого алуу менен башталат. Ичимдикке берилүүнү иликтеген социолог Михаил Залесскийдин айткандарынан мисалдар келтирилет. Ал айтканга караганда расмий булактан алынган жыйынтык кийинки учурда ичимдикке берилгендердин өмүр сүрүүсү кыска боло баштаганын далилдеген. Ошондуктан бийликтин аракка берилүүгө тыюу салуусу абдан керек дейт:

«Эгерде ичимдикке берилгендик менен ичип кетип анан акыры ошондон өлүм тапкандарды тыйсак, анда Беларусияда эркек тананын өмүрү 7 жылга узарат»,- деген Михаил Залесский.

Өлкөдө калктын санынын азайышына ичимдикке берилүүнүн таасирин ачуу максатында ал иликтөө жүргүзгөн. «Беларусияда эркек тананын орточо эсептен алгандагы жашы 63 жылдан 75 жылга тете. Ал эми кошуна өлкө Польшада эркек: бери жагы 70 ары жагы 79 жыл жашап өтөрү анык болду. Мындан сырткары европалыктарга салыштырганда эң алдыңкы орундагы өз жанын өзү кыюу беларустарда. Советтик кезде ар бир 100миң кишиден 5 киши өз жанын өзү кыйса, азыркы тушта 60 киши өз каалосу менен о дүйнө кете берет. Мындай абал ичимдикке берилүүдөн келип чыгып атат», - деген окумуштуу.

Беларусиянын социалдык-экономикалык жана саясий институтунун жетекчилеринин бири Александр Соснов калктын ичимдик ичүүдөгү маданияты төмөн экендиги буга себепкер дейт. Ичимдик сатуучу дүкөндөр күнү-түнү ачык. Аракка акылын алдыргандар үчүн бул жакшы шарт болуп атат деген:

«Кишилер буюм-теримин же бир жерден уурдап алганын сатышат. Акчасына ичимдик алышат. Аны сатып алары менен ошол эле жерде иче башташат. Азыркы кездин аш ичүү маданияты ушундай», - деген Александр Соснов.

Андан аркы кебинде Александр Лукашенко демилгелеген ичимдикке каршы чабуулу турмушка аша баштады. Бир гана жери 1985-жылы Советтер Союзунун тушунда Михаил Горбачев аракка берилүүчүлүккө каршы күрөшүнө окшоп калбаса болду деген ой айтканы макалада берилет.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG