Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

САХАЛИН АРАЛЫНДА 2 МИҢДЕН АШУУН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ БАР


Орусиянын булуң-бурчунда эмгек этип жүргөн Кыргызстандын атуулдары көп экенин билебиз. Бүгүн ошондой эмгек мигранттардын бири Россиянын алыскы Сахалин аралынан баар тапкан - Руслан Өмүралиев менен кабарчыбыз Муса Мураталиев аңгемелешкен. Маектин жүрүшүндө Сахалин обулусунда кыргыздар эсеби 2 миңден ашуун экенин айкын болду.

Кабарчы:- Руслан, ал жакка барып калышың туурасында айта кетпейсиңби?

Руслан: - Менин бул жакка келишимдин себеби – азыр Кыргызстанда жумуш жок болуп атпайбы. Буякка күйө балам эки жыл мурда келип ошондон бери бул жерде жашайт. Ал чакыруу жаcап ошондон улам келип калдым. Орусияда көптөгөн кыргыздар иштеп жүрүшпөйбү.

- Эмне иш кыласыңар?

- Курулуштабыз.

- Үй курасыңарбы?

- Орусиянын бардык жерине маскөөлүктөр супермаркеттер курдуртат экен. Алар эски имаратты сатып алып бизге беришет. Биз аны кайра дүкөн кылып куруп чыгабыз.

- Кыргызстанда алган кесибиң эмне эле?

- Кесибим деле жок. Тыштан окуймун.

- Азыр силер жашап аткан жердин атын атачы. Эмне деген жер, эмне деген эл?

- Түштүк Сахалин деп коет. Шаар. Эки бөлмөлүү квартирада турабыз. Ижара акысына 13 миң рублей төлөйбүз.

- Тапканыңар ага жетеби?

- Жетип атат. Айына миң доллардан алабыз. Ошонун 150 доллары тамак-аш, түшкү тамак жана үйгө төлөөгө кетет.

- Түштүк Сахалинде баш-аягы канча кыргыз барсыңар?

- Бирге турган беш кыргызбыз. А жалпы Сахалин аралын алганда 2 миңден ашуун кыргыз бар дешет. Көчөдө баратып кыргыздарга жолугабыз. Өзүбек, тажик, азербайжандар да бар. Мурунку Советтер Союзунун кишилери ушул жерде. Азыр деле келип атышат. Баягүнү уктук, Кыргызстандан бир учак менен 50 киши келди деп. Андан кийин 90 киши да Кыргызстандан келишти деп уктук. Арасында басымдуу көпчүлүгү каракөлдүктөр, Лейлектен бар. Нарындан азбыз. Көлдүктөр биртке бар. Чүйдөн да аз.

- Өзүң кайсы жерден болосуң?

- Нарын обулусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылынан боломун. Союздан калган аты «Пограничник» деген колхоздон боломун.

- Башка эл, алыс жер экен. Көнүшүп кеттиңерби же кыйын болуп атабы?

- Көнүштүк. Жери аябагандай жакшы экен.

- Руслан баатыр, жергиликтүү элдин түрү кандай? Силер менен мамилеси кандай болуп атат?

- Мындан эки жыл мурун келгиндерге мамилеси абдан жакшы болучу дешет. Азыр көп келип аткандарга байланыштуу сууп кеткенин айтышат. Келгендердин арасынан арак ичип, мас болушуп, кармалып жаткандары көп. Ошолор бизди жаман көргөзүп атышат. Бирок иштесең эмгегиңди жебейт экен.

- Жакында биздир радио Екатеринбургдагы кыргыздар абалынан маалымат берди. Ал жактагы кыргыздарда орусиялык атуулдукту алуу бар бекен? Ошол жерде жашап аткан кыргыздардын арасынан орусиялык атулдук алгандар барбы?

- Атуулдук алса болот экен. Камчаткада эки тууганым бар. Экөө тең жакында атуулдук алышыптыр. Бизге Орусиянын атуулдугунунун кереги жок. Өз элге эч нерсе жептейт. Бул жакта иштеп туруп кийин барсак ошол жакшы. Кыргызстанга күч келбейт. Өз акчабазыды өзүбүз таап атабыз. Азыр Кыргызстан элди бага албай аткан учур. Акыры оңолот дейличи. Ага дейре Сахалиндин байлыгынан өөнөп туралы деп атабыз!



Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG