Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

«КУМТӨРДҮ» КЫРСЫК ЧАЛЫП, ӨКМӨТТҮН АЙЛАСЫ КЕТҮҮДӨ


«Кумтөр» алтын кениндеги кырсыктан улам Кыргызстандын жарым жылдык экономикалык көрсөткүчтөрү белгиленген чекке жеткен жок. Жыл аягына чейин 8 пайыз өсүшкө жетүү кыйын экенин өкмөт эмитен эле айтып, сарасанаага батууда.

Жарым жылдыктын экономикалык жыйынтыктарын талкуулаган өкмөттүк жыйында күтүлгөн көрсөткүчтөрдүн кыйласы аткарылбай жатканына нааразы экенин жашырбаган президент Курманбек Бакиев шыкалган залды карап, ысуулап отургандардын күрмөсүн чечип коюуну, айтылган кеп-сөздү илгиртпей жазып атышкан журналисттерди сыртка чыгарууну өтүндү:

- Зал ысып кетти. Кастюм менен келгендер, давай, чечинип койcок болот. Я прошу, прессага ыракмат, биз өзүбүз…

Өкмөт башчы Феликс Кулов «Кумтөрдөгү» кырсыктын айынан жыл аягына чейин мурда белгиленген экономикалык өсүш болбой калыш ыктымалдыгын белгиледи. Ички дүң продуктунун өсүшү болгону 3,1 пайызды гана түзүп, инфляция деңгээли болсо 4,1 пайыз чыгып турса жыл аягына чейин 8 пайыз экономикалык өсүш болору арсар.

- Тилекке каршы, ИДП көлөмү, өндүрүштүн өсүшү көп жагынан «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу. Жакында болгон кендеги кырсыктан улам алтын казып алуунун көлөмү 40 пайызга азаят.

Ф.Кулов өкмөт бирдиктүү электр энергия акысына өткөндөн кийин калктын аялуу катмарына каржылык колдоо көрсөтүлгөнүн, социалдык төлөмдөр толугу менен аткарылганын маалым кылды. А бирок алдагыдай көңүлток көрсөткүчтөр реалдуу сектордо көрүнө элек.

- Кеп болуп аткан жарым жылдыкта «Кумтөргө» кошулуп өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 6,8 пайызга азайды. Бул өнөр жай саясатынын жоктугунун натыйжасы. 10 жыл ичинде «Кумтөр» алтын кени ишке киргенден бери биз өнөр жай өндүрүшүн көтөрө албадык. Бул өзү татаал маселе. Өкүнүчтүүсү, биз эми толугу менен «Кумтөргө» көз
каранды болуп калдык.


Өкмөт башчы жалгыз алтын кендин айынан жалпы экономика жабыркап калбашы үчүн ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарылдыгын баса көрсөттү. Ал үчүн жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү, токтоп тургандарын жүргүзүү милдетин аткаруу абзел. Ушул жылдын августунда Кадамжайдагы сурма комбинаты иштей башташы керек.

Жарым жылдыкта арак чыгаруу өндүрүшү жакшы иштебей, казынага белгиленген өлчөмдөгү салык түшпөй калды. Өкмөт жалаң ачкыл суу чыгаруу тармагына жоопкер мамлекеттик агенттик түзүп, ага жетекчини президент сунуштап, талапкерди өздөрү өткөрчү жыйындын «элегинен» өткөрүүнү жактырып жатат.

Ф.Кулов жаңы өкмөт коррупциянын тамырын кырка албаганын, бирок да аны ичтен азыктандырып турган жашырын схеманы таап чыгышканын жарыя кылды.

- Мисалы, «Ош» базарындагы жашырын коррупциялык схема табылды. Юридикалык жактардын кирешесинен салык алынбайт. Бул жыл сайын орточо 15 – 20 миллион сомду түзөт. Бул текшерүүчү, тескөөчү чиновниктерди паралап туруунун натыйжасында болгон иш. Ушундай эле иштер «Дордой» жайма базарында да бар. Анда эсепке алынган контейнерлердин саны 283кө кыскартылган. Жоопкерчилиги чектелүү «Алканов жана анын компаниясы» ээлеген жерден алынчу салыктын жарымы гана чогултулгандыгы аныкталды. Жыйналбай калган салыктын өлчөмү 360 миң сомду түзөт.

«Кумтөр» алтын кени жыл аягына чейин кырсыктын салдарын жоюп, өндүрүш көлөмүн жыл башындагы деңгээлде кармап тура алабы? Мына ушул маселе өкмөттү өзгөчө ойлонтууда. Министрлер кабинети 4,5 миллиард сомду кайдан табат? Ал үчүн Аксуудагы жүгөрү иштетүүчү комбинатты үстөкө-босток текшерүүлөрдү токтотуп, алкоголдук ичимдиктерди арбын чыгаруу аздык кылат. Карабалтадагы тоокен комбинатын, Ташкөмүрдөгү «Кристалл» заводун тезинен сатып ийүү деле жагдайды оң жагына оодуруп ийбейт. Өкмөттүн стратегиялык багытты аныктаган программасында белгиленген энергетика менен тоокен тармагына келчү 4,5 миллиард доллар инвестиция азырынча изги тилек, илгери үмүт катары гана турат. Менчиктештирүүнүн 4-этабына парламент макулдугун кантип берет – бул да өзүнчө суроо.

- Алар менчиктештирүүнү талап-тоноо деп түшүнөт. Мындай жагдайда, минтип отурушкан чакта макулдашуу кыйын. Бирок биз аларды ынандырууга аракет кылабыз,- дейт Ф.Кулов.

Президент К.Бакиевдин өкмөт мүчөлөрүнө депутаттарды сауна-мончолорго чакырып, маселени жеринен чечүүгө кеңеш берген жайы бар.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG