Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

ДАГМАР КНӨПФЕЛ: АР БИР АДАМДА АЯЛ МЕНЕН ЭРКЕКТИН МҮНӨЗҮ БАР


Өткөн биз Чынгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасы боюнча Германияда сценарий жазып жаткан Маркус Хелчл менен маек курган элек. Бүгүн ушул фильмди тарта турган режисcер Дагмар Кнөпфелге сөз бермекчибиз.

Жаңыл Жусубжан : Дагмар Кнөпфел – көрөрмандарга терең мазмундагы кино тасмалары жана телефильмдери менен таанылган адам. Эми режисер кыргыз темасына кайрылып, Чынгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" аттуу чыгармасынын негизинде көркөм фильм тартууну пландаштырууда. Үч сценарий жазган Маркус Хелчл учурда төртүнчү варианттын үстүнөн иштеп жаткан экен. Мен Дагмар Кнөпфелден эмне себептен Айтматовдун англис, немис тилине которулган көптөгөн чыгармаларынын ичинен дал Ильяс менен Аселдин жашоосун сүрөттөгөн повестти тандап алганын сурасам, ал буларга токтолду:

Дагмар Кнөпфел: Мага ушул повест жагат, себеби автор универсалдуу темага кайрылат. Бул окуя дүйнөнүн такыр бөлөк жеринде орун алышы мүмкүн болчу. Жигит кызды сүйүп калат. Чоң махабаттын шарапаты менен чоң бакытка жетет. Бирок, өзүмчүлдүгү, жоопкерсиздигинин кесепетинен аялынан, баласынан, баарынан кол жууйт. Анын үстүнө бул окуяны Кыргызстан сыяктуу улуу тооолордун мекенинде тарткан кандай сонун. Жалпы эле адамзатына тийешелүү окуяга бап келе турган көркөм фон да болмокчу.

- Сиз эмне үчүн кинону Ильястын көз карашынан карап тартууну көздөп жатасыз?

- Менин кызыгуумдун да себеби ушунда. Мен буга чейин үч тасма тарттым, үчөө тең аялдын көз карашынан болду. Бул ирет мени берки тарапка көбүрөөк кызыктырып жатат окшойт. Балким ушуну менен эркектин көз карашынан үч кино тартым калаармын. Мени Асел деле кызыктырат, бирок бул жолу башкы каарман –Ильяс болот. Бир айырмасы, бул кинону мен тартам. Ошондуктан буга чейинкилерден башкача болот деп ойлойм. Бирок бул принципиалдуу айырма эмес, себеби ар бир адамда, анын ичинде ар бир сүрөткерде эркектин да, аялдын да мүнөзү ар кыл катнашта бар. Ошол эле убакта, мен Аселге жана анын баласына жетиштүү орун берем. Себеби мен да аялмын, менин да балам бар. Ошондуктан Ильяс баарын талкалап, баса бергенде Аселдин кандай абалда калганын мен да түшүнөм. Анан дагы, Асел үй-бүлөсү бузулганда, карап отуруп албастан, ал дагы алга умтулат. Бул жагынан алганда Асел күчтүү адам.

- Асел албетте күчтүү каарман. Бирок бүгүнкү күндө үй-бүлөнүн кадыры кетип, ажырашкандар көбөйгөндө кыргыздын кыздарын күнөөлөгөндөр болуп жатат. "Эгер алар чыдамдуурак болгондо, балдарын ата-энесине таштап, баса бербегенде, үй-бүлө сакталып калат болчу" деген сындар айтыла калып жүрөт…

- Менимче, Асел өтө күчтүү адам. Башында ал Иляс үчүн үй-бүлөсүнөн да кол үзүп кетпеди беле. Себеби аны башка бирөөгө сүйлөшүп коюшкан болот. Албетте мен кыргыздын кыздары тууралуу көп билбейм, мен Кыргызстанда бир жума гана болгом. Бирок, кыргыз кызга үйлөнгөн бир канадалык жигит менен сүйлөшкөм. Ал мага кыргыздын кыздарына өтө жумшак мамиле кылыш керек, себеби алар мүнөздөрү өтө жумшак, назик болушат, ошентсе да алар чыдамкай келишет, деп айткан.

- Бир гана жери бул ирет Ильяс кыргыз эмес, немис болот. Себеби каражат бөлө турган Германиянын киноматография бийликтери ушундай шарт коюп жатыптыр деп уктук эле ?..

- Бул азырынча так эмес, биз ушул багытта сценарийди тууралап жатабыз, бирок бул тактала элек. Бир билгеним, бул ирет окуя китептегидей 1960-жылдарда эмес, бүгүнкү Кыргызстанда орун алат. Себеби, мен социалисттик турмуш чындыгын кинодо калыбына келтирүүнү каалабайм. Ал мезгилди эңсеп, сагына турган жөнүм да жок. Азыр болгону жакшы деп ойлойм. Эрнистин (Эрнис Абдыжапаров) "Саратан" деген тасмасында Кыргызстандын бүгүнкү күнү мыкты чагылдырылган. Кыргызстандын буга чейинки жашоосу деле азыркыдан ашып кеткен эмес деп ойлойм. Ошон үчүн биз бүгүнкү күндү тартабыз, бирок окуя кандайча чагылдырылат, азырынча бул белгисиз, себеби биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз.

Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин демекчи, Кыргызстан чакан өлкө болгон менен, көз карандысыздыктын жылдарында кыргыз эли ачык-айрымдыгы, тири-карактыгы, чыгармачылдыгы жана меймандостугу менен таанылды. Ошондуктан, бүгүн дүйнөнүн булуң-бурчунда Кыргызстан, кыргыздар тууралуу макалалар байма-бай жарыяланып, китептер жазылып, концерттер коюлуп, ар кыл көргөзмөлөр уюштурулуп жаткандыгы таң калыштуу эмес. Мына эми кыргыздардын белгилүү жазуучусунун китеби ушуну менен төртүнчү жолу, бул ирет немистер тарабынан тартылганы турат. Киного каражат бөлүш үчүн немис өкмөтү башкы каармандын немис болушун талап кылганы бир чети балким бүгүнкү турмушка анчейин деле карама-каршы келбес. Себеби чет элдик жигиттерге чыккан кыргыз кыздары көп болуп жатпайбы. Негизгиси Ильяс менен Аселдин махабат таржымалын турмушту терең чагылдыра билген көрүнүктүү сүрөткер экранга алып чыкмакчы.

Жаңыл Жусупжан, Прага
XS
SM
MD
LG