Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ БАШКАРУУ ЫЛАЙЫКТУУ ?


Өткөн аптанын соңунда Конституциянын акыркы үч долбоору иштелип бүткөндүгүн жумушчу топ жарыя кылды. Бул аралыкта жер-жерлерде Баш мыйзамга байланышкан талкуу улантылууда. Алардын бири саясий партиялардын демилгеси астында Жалалабадда өтүп, анда башкаруу формаларына, сот тармагын реформалоого, тилге, диндин таасирине байланышкан талаштуу маселелер талкууга алынды.

Жыйында президенттик башкарууну жактагандар арбын болду. ”Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлү Табылды Шайымкулов президент менен парламенттен кол тийбестик укугун алып салууну сунуш кылды. Анын пикири боюнча Конституциялык жана Жогорку соту биригип, эл тарабынан шайланган соттор гана калыс иштөөсү ыктымал.

-Бул парламентте жана президентте эч кандай кол тийбестик болбош керек. Антпесе бул коррупция менен кылмышкерлер бара турган жумуш деп эсептейм. Жогоруда айтылгандарга кошулуп, сөзсүз реформалоо зарыл. Сот аткылуу чечиш керек. Конституциялык сот менен Жогорку сотту бириктирип, ошол бир бөлүмүндө гана угууга тийиш. дейт Табылды Шайымкулов.

Облустук билим берүү башкармасынын өкүлү Токомбай Тургамбаевдин ою боюнча мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынса деле, иш жүзүндө эне тилге жасалган мамиле 1989-жылдан бери чеке жылыткан жок. Ал айткандай долбоордун президент менен депутаттардын жана жарандардын укугу жөнүндөгү 15- беренеси 50-беренеге карама каршы мааниде жазылып калгандыгын айтты:

-Эгерде экс-президент же депутат болгондон кийин алар адам катарынан чыгып калса, анда Конституциялык сотко кошумча киргизип коюш керек. ,- дейт Токомбай Тургамбаев.

Коомчулукту облуста түрдүү диний агымдардын көбөйүп баратышы сестентүүдө. 14-июлда “ИДУнун” мүчөсү делген куралдуу 5 адамдын өлтүрүлүшү жана алардын шериктеринин изделип жатышы чочулоону пайда кылды. Жалалабат шаарынын тургуну Баяс Керимбаевдин болжоосунда өлкөдөгү ачык-айкындуулук көрүнүшүнөн ниети бузук адамдар ашыкча пайдаланууда. Ал сакал өстүргөн кишилер, бети-башын чүмкөнгөн аялдар менен келишпей турганын билдирип, аларды “Ваххабий” деп эсептөө менен диний экстремизм үчүн берилүүчү жазаларды Өзбекстандагыдай катулатууга чакырды.

- Жалалабатта ваххабисттер азыр куран менен чыгып жатышат. Коркпой калды эч кимден. Акыры мыйзам кабыл алсак болбойбу. Ваххабистерди издеп тапсак болбойбу. Бизде баары уруксат, демократия. ,- деди Баяс Керимбаев

Бирок, эл арасында Баш мыйзамдын долбоорун түшүндүрүү иш-чаралары чар жайыт жүргөн. “Ар намыс” партиясынын өкүлү Бөдөш Мамырованын ушундай көз карашында парламенттик башкаруу болсо, президенттин ролу жогорулайт. Парламенттик башкаруу- өлкөнү Жогорку Кеңеш башкарып калат дегенди түшүндүрбөйт.

Элге мамлекеттик башкаруу жөнүндө туура түшүнүк берилбегени жыйында даана байкалды. Талкуунун катышуучулары президенттик башкаруу тууралуу сүйлөгөндөрдү кол чаап кубаттап, парламенттик башкаруу маселесин көтөргөн саясатчылардын пикирлерин уккусу келбей, сөздөрүнө тоскоолдук кылып жатышты.

-Акыры ызы-чуу болуп, элди ыйлатып, сыздатып келген депутаттардын баары бизди башкарып калат экен дешет. Жок андай эмес. Тескерисинде биз парламенттик башкарууга келип, президенттин ролун жогорулатабыз. Анткени президент аткаруу бийлигинин, мыйзам чыгаруучу парламенттин, сот бийлигинин үстүнөн анын гаранты катары көзөмөл болуп карап турат. деди Бөдөш Мамырова.

“Кыргызстан демократиялык күчтөр” биримдигинин өкүлү Анара Сеитказиева баш мыйзамда ар бир башкаруунун оң-терс жактары орун алганын белгилеп, кемчиликтер кийинки үлгүдө оңдолоруна үмүттөнөрүн билдирди:

-Ар бир башкаруу идеалдуу деп айта албайм. Чынында бир идеалдуу эч нерсе жок. Бизде да кемчилик болот. Президенттик башкаруунун дагы анча-мынча кемчиликтери бар. Бирок ошол эле учурда жакшы жактары да бар. Парламенттик башкаруу системасынын жакшысы да жаманы да бар. Бул жерде өзүбүздүн менталитетибизди элибизге ылайыкташтырууга болот. Бул деген конституцияга өзүбүзгө төп келгендей кылып жазып алсак болот. ,- дейт Анара Сеитказиева.

Ырысбай Абдураимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG