Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

РОССИЯДА БАШКА УЛУТТАР ҮЧҮН КООПСУЗДУК МАСЕЛЕСИ ОПУРТАЛДУУ


Соңку мезгилде Россияда чет элдик жарандар үчүн коопсуздук маселеси татаалдашып бараткандыгы байкалууда. Айрым пикирлерге караганда, жакында Мамлекеттик Думада “Экстремизмге каршы күрөшүү” боюнча мыйзам кабыл алынгандыгы эмгек мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшөт. Бул маселеге Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрага орун басары Владимир Жириновский да 29-июлда Бишкекте берген маалымат жыйынында токтолгон.

Соңку мезгилде Россияда чет өлкөлүк атуулдар, алардын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары улутчул жаштар уюмдар тарабынан чабуулга алынган учурлар көбөйүүдө. Айрым серепчилер мындай көрүнүштү Россияда акыркы жылдары эмгек мигранттарынын кескин көбөйүп кеткендиги менен түшүндүрүшөт. Аналитиктердин дагы бир бөлүгү өлкөдөгү скинхеддер өңдүү улутчул топтордун иш-аракеттерине каршы орус өкмөтү тиешелүү чараларды көрбөй жаткандыгын белгилейт.

Россиялык саясатчылар да өлкөнүн айрым жерлеринде скинхеддер өңдүү улутчул топтор бар экендиги, алар тарабынан башка өлкөлөрдүн, өзгөчө азиялык мамлекеттердин атуулдары өлтүрүлүп же ур-токмокко алынган учурлар орун алып жактандыгы тууралуу айтышууда. Бул жөнүндө Мамлекеттик Думанын төрага орун басары мындай дейт:

- Тилекке каршы мындай көрүнуштөр бар. Алардын пайда болушунун себебинин бири узак убакыт бою пропаганда да жүргүзулгөндүгүнө да байланыштуу болду. Бирок, мындай көрүнүштөр бизде айрым гана жерлерде болушу ыктымал. Мисалга алсак, Санкт-Петербург, Воронеж, Новосибирск. Белгилүү бир топтор кандайдыр бир чатактарды, провокацияларды уюштурушу мүмкүн. Бирок, бул өлкөнүн укуктун маданиятына эч кандай тиешеси жок.

Айрым орусиялык саясатчылар белгилешкендей, Мамлекеттик Думада “Экстремизмге каршы күрөшүү” жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы да ар кандай улутчул, экстремисттик маанайдагы уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт койуу, аларды жок кылуу боюнча иштерди күчөтөт.

Россиядагы улутчул жаштардын топтору өлкөдөгү ири саясий уюм, партиялар тарабынан колдоого алынып келет деген да пикирлер бар. Саясат таануучу Адилет Оморовдун көз карашында Жириновский өзү да скинхеддердин артында турган саясатчылардын бири:

- Жириновский Россиядагы улутчул экстремисттик топтордун артында турган, алардын аракеттерин колдогон саясатчылардын бири деп эсептейм. Ошондуктан, ал Россияга келген эмгек мигранттарын колдоо керек дегенине ишенбей турамын .

Бирок, Владимир Жириновский мындай көз караштарды четке какты:

- Бүгүнкү күндө Россиядагы кайсы бир партия, же кыймылдын алкагындагы кандайдыр бир уюшулган скинхеддердин тобу жок. Бул өз алдынча түзүлгөн жаштар топтору. Алар ар кандай терс пропагандалардын негизинде түзүлүшкөн. Бир жагынан бул Ооганстандагы жана Чеченстандагы согуштардын да натыйжасы болду. Эгерде атасы Ооганстанда набыт болсо, агасы Кавказда өлтүрүлсө, ал жаш адам тилекке каршы, ошондой улутчул, экстремисттик топторго кирүүгө даяр болушу ыктымал. Бирок, мындан ары скинхеддердин кандай болбосун иш-аракеттери жазаланат. Ошондуктан, бул жерде эч кандай коркунуч жок , -дейт Владимир Жириновский.

Статистикалык маалыматтарга караганда Россиядагы кылмыштардын бир бөлүгү чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары тарабынан жасалат. Анын башкы себептери эмгек мигранттарынын укуктук жактан корголбошу, жумушка орношуудагы, катталуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу. Ошондуктан, чет өлкөлүк мигранттар тарабынан кылмыштарды азайтуу үчүн аларды жумушка жайгаштыруу, социалдык, укуктук жактан коргоо багытындагы иштерди жакшыртуу зарыл.


Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Орусиянын айрым жерлеринде улутчул жаштардын топтору тарабынан башка өлкөлөрдүн атуулдарына карата катаал мамиле жасалып жактандыгы үчүн бүткүл орус элин, орус өкмөтүн күнөөлөө негизсиз:

- Албетте, Россияда иштеп жүргөндөрдүн арасында өлтүрүлгөндөр, ур-токмокко алынгандар да бар. Бирок, мында бүткүл Россияны, же бут орус элин күнөөлө болбойт , -дейт Кубанычбек Исабеков.


Серепчилердин баамында, Россияда күчөп бараткан улутчулдук көз караштагы жаштар уюмдарынын аракеттерин токтотуунун жолдорунун бири - өлкөдө толеранттуулукту күчөтүү багытындагы иш-чараларды жүргүзүү болуп эсептелет. Башкача айтканда, өлкөдө теле, радио, басылма каражаттары аркылуу тиешелүү пропаганданы, мектептерде да бул багытта иштерди жүргүзүү керек. Анткени, азыр Россиянын калкынын да көп бөлүгүнүн турмушу жетишээрлик жакшы деңгээлде эмес. Ошондуктан, алар өлкөгө келген мигранттарга карата терс мамиле жасашууда. Алардын оюнда мигранттар алардын жумуштагы ордун, балдарынын мектептердеги ордун ээлеп алышы мүмкүн, ар кандай тоскоолдук тарды көрсөтүшү ыктымал. Бул маселе боюнча Владимир Жириновский:

- Эгерде биз ошол 15 млн. мигрант күнү-түнү Россияда шаарларда куруп жатканын, жаңы завод, жолдорду салып жактандыгын түшүндүрсөк, алар бизге жетишпей жаткан жумушчулардын ордун толуктап жактандыгын түшүндурсөк, биз улутчул топтордун да ишмеодүүлүгүнө бөгөт койо алабыз. Ошондуктан, тушүндүрүү иштерин жүргүзүү керек .



Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Россияда жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранттары иштөөдө. Алардын коопсуздугун камсыз кылууну, ошондой эле укуктук, социалдык абалын жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда кош жарандыкты киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу да учурда айтылууда.

Азиза Турдуева, Бишкек.

XS
SM
MD
LG