Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАЙЛООЛОРУН КАРЫШКЫР КАПТООДО


Учурда Кыргызстандын бир катар жайлоолорун карышкыр каптап, малды чоң-кичинесине карабай кырып-жеп кетип аткандыгы маалымдалууда. Жакырчылыкты жоюу ураанын көтөргөн мамлекет тарабынан карышкырларды атып-азайтуу иш-чаралары жакшылап өткөрүлбөгөндүгүнө карапайым калктын нааразылыгы күч.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен алынган маалымат боюнча Кыргызстанда азыр карышкырлардын саны болжол менен 4 миңден ашып кетти жана бул мерчемдегиден эки эсе көптүк кылат.

Карышкырлар, башканы кой, жылкыларга тынымсыз тиш салып киргендиги элдин үрөйүн учурууда. Өз көзү менен көргөндөрүн жана атбашылык элдин суроо-талаптарын Кыргыз улуттук университетинин профессору Абдыкадыр Садыков “Азаттык” радиосуна атайы келип айтып берди:

- Мен денсоолугума байланыштуу бээнин сүтүн ичкени төрт-беш жылдан бери Атбашынын Кошой айылына таандык Каратоо жайлоосуна барып жүрөм. Быйыл ошо кичинекей жайлоодо эле, чоң-кичинеси болуп, жүзгө жакын жылкыны кашабаң жара тартып кетти. Жакырчылыкты жоёбуз деп жатканда 100 жылкы эмне деген байлык эл үчүн! Карышкырлар эми суур чээнге киргенден кийин мындан бетер күчөйт деп жатышат.

Профессор Абдыкадыр Садыков мал чарбасына чоң зыян апкелип жаткан карышкырларды азайтуу иш-чаралары мамлекет тарабынан күчөтүлбөгөндүгүнө кейиди. Райондук акимчилик менен айыл өкмөттөрүнүн дал ошол карапайым элден кабар алуусун, алардын көйгөйүн чечүүгө жардам беришин талап кылды.

“Арча” саясий, экологиялык жашылдар партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиев да карышкырлардын кандай себептен улам көбөйүп жаткандыгына токтолду:

-Азыр Союз убагындагыдай адис мергенчилер жок, болсо да карышкырларга каршы колдончу жарак-неси, ок-дарысы таптакыр жетишсиз. Мурункудай малдын коопсуздугу үчүн камкордук көрүлбөйт. Санитардык тазалоо жүрбөйт. Экинчиден, карышкыр аткандарды чегарачысыбы, милициясыбы, токойчусубу, барып эле басып жыгылып ,курал-несин тартып алат. Жыйырма миң сомдой айып пул салат. Анан карышкыр көбөйбөгөндө эмне көбөймөк эле! Карышкырлардын санын чектөө - программалуу мамлекеттик иш болуш керек./i>

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Абдимитал Чынкожоев чындыгында эле карышкырга каршы мамлекеттик иш-чаралар 1998-жылдан баштап абдан начарлап кеткендигин, бирок, өткөн жылдан кайра оңоло баштагандыгын айтты. Өткөн жылы карышкыр-чөөлөрдүн санын кыскартуу максатында чет өлкөлүк мергенчилер аркар-кулжа аткандыгы үчүн төлөгөн акчадан 1 млн. 826 сом бөлүнүп берилиптир.

Бирок, ошол акчанын күчү менен бар болгону 323 чөө, 254 карышкыр жок кылынган. Карышкырлардын он пайызы да кыскарган эмес. Эскерте кетчү нерсе, бир канчык карышкыр аткан мергенге 2500 сом, бир дөбөт карышкыр атканга 2000 сом, бөлтүрүк үчүн 1000 сом, чөө үчүн 800 сом сыйлык акча берилет. Үстүбүздөгү жылы да карышкыр-чөөгө каршы күрөш үчүн 2 млн. дой сом каралмакчы.

Бирок, айыл-кыштактарда кимдер карышкыр атып сыйлык алгандыгы жөнүндө дегеле маалымат жок.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG