Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Украинада саясий кризистен чыгууга багытталган сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылмакчы


Киевде бүгүн өлкө президенти Виктор Ющенко сунуш кылган, "Улуттук биримдиктин универсалы" деп аталган документтин долбоорун талкуулоо боюнча саясий күчтөр ортосундагы тегерек столдун кезектеги айлампасы өтөөрү күтүлүүдө.

Парламенттик шайлоодон кийинки төрт айдан бери уланып жаткан саясий кризистен чыгуунун жолдорун Ющенко кечээ Жогорку Радада көпчүлүктү түзгөн Региондор партиясынын лидери, президенттик шайлоо боюнча мурдагы атаандашы Виктор Янукович менен талкуулады. Эртең, 2-августта Конституцияда каралган мөөнөт аяктоодо. Бул мезгилге карата Украин президенти Виктор Януковичти премьер- министрликке бекитүүгө Жогорку Радага сунушташы же парламентти таратып, мөөнөтсүз шайлоо жарыялоосу керек.

XS
SM
MD
LG