Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран боюнча жаңы резолюция кабыл алды, Тегеран четке какты

Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын мыйзамсыз деп атоо менен четке кагып, өзөктүк изилдөөлөрүн уланта берерин билдирди. Тегерандан быйыл 31-августка чейин уран байытуу менен байланышкан бардык ишин токтотууну талап кылган резолюцияны Коопсуздук кеңеши кечээ кабыл алган эле. Мындай болбогон шартта Коопсуздук кеңеши, резолцияга ылайык, Иранга каршы санкция киргизү маселесин талкуулоого өтөт. Документти Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкөнүн 14 колдоп, бирөөсү - Катар мамлекети каршы болду.
XS
SM
MD
LG