Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Бүгүн эртең менен Ливандын түштүгүндө Израилдин аскерлери "Хезболланын" согушкерлери менен кагылышты


Мунун алдында Израилдин өкмөтү Ливанда Израил армиясынын жердеги операциясын кеңейтүү чечимин жактырган эле. Ал эми ага чейин Израилдин премьер- министри Эхуд Ольмерт эл аралык комчулуктун ок атышууну токтотуу жөнүндөгү чакырыктарын четке каккан болчу. Эхуд Ольмерттин айтымында, элдешүү эртең эле ишке ашпайт, уруш "Хезболла" Израилге коркунуч келтирбей калганча чейин уланмакчы. Ок атышууну токтотуу жөнүндөгү чакырыктар Кана шаарчасындагы кандуу окуядан кийин күчөдү. Жекшембиде эртең менен Израил учактарынын бомбасынан бул жерде кеминде 54 адам, көбүнсе жаш балдар каза тапкан.

Израил радиосунун билдиргенине караганда, өкмөт азыр резервден армияга чакырылгандардын санын көбөйтүүнү пландоодо.

Ливан кризисин жөндөөнүн жолдору Евробиримдиктин тышкы иштер мнистрлеринин бүгүнкү чукул жыйынында талкууланары күтүлүүдө. Ал эми Бейрутта азыр "Хезболланын" демөөрчүсү катары эсептелген Ирандын тышкы иштер министри Манучекир Моттаки жүрөт.

XS
SM
MD
LG