Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү курал-жарактары менен колго түштү

ЖАЛАЛАБАТ. «Коомдук тартип» операциясынын маалында Ноокен районундагы Достук айлынан «Хизб-ут-тахрир» партиясынын мүчөлөрү болгон 4 киши, Кочкората шаарынан аталган жашыруун уюмдун 2 адабияты менен жүздөгөн баракчалары кармалды. Базаркоргон районунда ошол эле уюмдун 6 мүчөсү бир кесилген мылтык менен колго түштү. Эки райондун жарандарынан мыйзамсыз сакталган 10 мылтык менен маңзаттары, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер табылып, ондогон мал уурулуктардын бети ачылды. Мындай маалымат 1-августта облустук ички иштер башкармасынан алынды.

Ырысбай Абдыраимов
​
XS
SM
MD
LG