Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Иран президенти БУУнун Коопсуздук кеңешинин уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талабын четке какты


Махмуд Ахмадинеджад анын өлкөсү өз өзөктүк програмасынан баш тартпасын кайрадан билдирди. Коопсуздук кеңеши Ирандан уран байытуу менен байланышкан баардык иштерин ушул жылдын 31-августуна чейин токтотуу талабы айтылган резолюцияны дүйшөмбү күнү кабыл алган эле. Мындай болбогон шарта, резолюцияга ылайык, Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкция киргизүү маселесин талкуулаганга өтөт. Эл аралык коомчулук Иран өзөктүк куралга умтулууда деп кооптонот. Тегеран болсо программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келүүдө.

XS
SM
MD
LG