Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Бишкектеги тергөө изоляторунда жүздөгөн адамдар мыйзамсыз отурушат


Бүгүнкү күндө 400гө жакын адам Бишкектеги №1 СИЗОдо соттор тарабынан өз милдеттери так аткарылбай жатканына байланыштуу мыйзамсыз отурушат. Алардын көпчүлүгү сот чечимин мыйзамда каралгандай 10 күндүн ордуна жарым жылга жакын күтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн СИЗОдо болгон бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова маалымдагандай, СИЗО 1300 адамга эсептелгенине карабастан, анда учурда 1800 адам отурат. Алардын көпчүлүгүнүн укуктары тебеленүүдө жана узак мөөнөт убактылуу абакта кармалып жаткандыгына тергөөчүлөрдүн жана соттордун жоопкерчиликсиз мамилеси башкы себеп болууда.

XS
SM
MD
LG