Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЭНЕРГЕТИКА КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ


Ушу аптанын башында кыргыз-кытай энергетиктери ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу ниетинде протоколго кол коюшту. Атайын адистер тобу Камбарата, Сарыжазда суу электр станцияларын, Каракечеде жылуулук электр станциясын куруу, жогорку чыңалуудагы электр тогун Кашкарга чейин тартуу, Үчкоргон ГЭСин, Бишкек жылуулук борборун жаңылоо долбоорун иликтеп чыгышмакчы.

Антип болор ишти эмитен болжоп атканы менен Кыргызстандын энергетика тармагындагы абалы кыйын эле. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жарым жылда коммерциялык жоготуулар кыйла азайды, бирок да жагдай жакшы жагына ооп баратат деп айтышка али эрте.

Өкмөт башчы Ф.Куловдун ырасташынча, быйыл жарым жылда 7,2 миллиард киловат саат электр энергиясы иштелип чыкты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда кыйла аз. Энергетикадагы жоготуулар 3,7% азайды, анткен менен дебитордук карыздар 280 миллион сомго көбөйдү.

- Бул убакта энергетика тармагын кадыресе өзгөртө албаганыбызды моюнга алышыбыз керек,- деп айтты өкмөт башчы Феликс Кулов.

Тармакка стратегиялык инвесторду алып келиш үчүн өкмөт парламенттен менчиктештирүү программасынын 4-этабын өткөрүп, Нарын дарыясындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизиши керек. Кыргыз-кытай энергетиктеринин «Камбарата» ГЭСтерин курууга киришүүсү мыйзамдык тоскоолго такалып бийликтин эки бутагынын ортосундагы ачык-тымызын талашка айланып келатат. Аны Ф.Куловдун өкмөттүк жыйында менчиктештирүү тууралуу кеп болгондо эле парламент мүчөлөрү аны эл байлыгын уурдап-тоноо деп түшүнөт жалпынын алдында жарыя кылган жайы бар. Камбарата капчыгайындагы эки ГЭСтин курулушуна эмдигиче ири инвестордун келбей атканы мына ушул мыйзамдык тоскоолго байланыштуу болуп жатканы көпчүлүккө дайын.

Кытайдын электр тармактары мамлекеттик компаниясынын кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылчу долбоорунун тагдыры да парламент мүчөлөрү эс алуудан келгенден кийин чечилет. Ага чейин адистер токтоп турган курулушту көрүп, долбоорду ишке ашыруунун даярдык жумуштарын бүткөрмөкчү.

Кыргызстандын «Электр станциялары» акционердик коомунун пресс-катчысы Наталья Орлованын ырасташынча, энергетика тармагына 2 миллиард ашуун доллар акчасын жумшоого кайыл кытайлык ири инвесторду өкмөт башчынын биринчи орунбасары Д.Үсөнов колдоодо.

- Өкмөт колдоо көрсөтүп жаткан соң кызматташтык жалаң ниет билдирүү менен чектелбей, иш арылап, курулуш жүрүп, энергожабдуулар оңдолот деп ойлойбуз,- дейт Н.Орлова.

«Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчиси Сапар Балкыбеков кытайлык ишкерлер менен Камбаратада, Сарыжазда ГЭСтерди, Каракечеде жылуулук электр станциясын, ага кошуп Кашкарга чейин жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу, Бишкек жылуулук борбору менен Үчкоргон ГЭСин оңдоо долбоорун ишке ашыруу аракети башталганын маалымдады.

- 15-августка чейин биз кыргыз-кытай биргелешкен жумушчу тобун түзөбүз. Ал жумушчу топ 1-сентябрдан тарта жана аталып кеткен долбоорлор боюнча иштерди башташат. «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» деген бул өтө чоң, ири долбоорлордон. Ушул эки курулушту аягына чыгарыш үчүн болжолдоп санаганда эле 2 миллиард ашуун доллар акча керек экен,- дейт С.Балкыбеков.

Айтса, тоокен, энергетика тармагына бери дегенде эле 4,5 миллиард доллар инвестиция келерин кыргыз өкмөтү ырастап, 2010-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасына киргизген.

Бекташ Шамшиев,Бишкек

XS
SM
MD
LG