Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

“БОЗ САЛКЫН” ТАСМАСЫН ТАРТУУ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ


“Ой Арт” продюсердик компаниясы тарабынан тартылып жаткан “Боз салкын” тасмасын тартуу иштери аяктады. Кино операторлордо салтка айланган камерага идиш сындыруу ырымы менен башталган “Боз салкын” тасмасы үч айга жакын убакыт аралыгында Суусамырда, Ысык-Көлдө жана Бишкекте тартылды. Фильмдин режиссеру Эрнист Абдыжапаровдун айтымында баардыгы ал ойлогондой болгон.

-Шымаланып баштаган ишибиздин чоң орчундуу бир бөлүгү бүтүп калды. Учурда тарткан материалдарды көрүп, монтажга даярданып жатабыз. Негизинен ойлогон ойлор ишке ашкансып жатат, башкача айтканда менин купулума толду.

“Боз салкын” тасмасы бул-комедия жанрында тартылган фильм. Анда жаштардын турмушу, алардын бири-бирине болгон мамилелери жана сүйүү темасы чагылдырылган. Тасмада башкы ролду эч кандай тажрыйбасы жок Асема аттуу студентка ойногон. Режиссер Эрнист Абдыжапаров Асема фильмге биринчи жолу тартылып жатса да чыгармачыл топту көп кыйнаган жок, тескерисинче фильмди тартуу учурунда өзүнүн идеяларын айтып чоң салым кошту дейт:

-Ыйлаган сюжеттерден кичине кыйналды, бирок менин оюмча Асеманын өзгөчө бир дарамети бар. Кино тартуу учурунда, костюмдарды тандоодо көптөгөн сунуштарды киргизип чоң жардам берди.

Киного тиешеси жок дагы адамдардын, профессионал актерлордун, эстрада ырчыларынын катышуусунда тартылган “Боз салкын” тасмасы көрүүчүлөргө ушул жылдын соңунда тартууланат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG