БИШКЕК. 1-августта Жогорку Кеңеш менен Коргоо министрлигинин ортосунда имарат талаштан улам чыр чыгып,ырбап кете жаздаган. Чырдын чыгышына парламент имаратында жайгашкан министрликтин байланыш башкармалыгын чыгаруу талабы себеп болгон. Вице-спикер Кубанычбек Исабеков бул окуя боюнча министрликтин тиешелүү кызматкерлерин жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук кызматына кайрылаарын жана президентке тиешелүү кат жолдоорун билдирди.