БИШКЕК. Бул иш боюнча кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаев баштаган 38 адамдын үстүнөн козголгон кылмыш ишти Аламүдүн райондук соту кароодо. Маркум Тынычбек Акматбаев былтыр октябрь айында Бишкектин жака белиндеги 31-түрмөнүн абалы менен таанышканы барган учурда абактагылардын колунан каза тапкан эле.