Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

ДУНГАНГА АЙЛАНЫП КАЛА ЖАЗДАГАН КЫРГЫЗ АКЫНЫ ЭСКЕРЕТ


Кытайга качып барган кыргыздар бир жылдан кийин ак падыша тактан кулап, анын ордуна кедей-кембагалды жактаган Ленин деген такка олтуруптур дегенди угуп кайра өз жерине кайта баштады. Саналуу гана адамдардын аты болбосо, минерге эшеги жок эл арып-азып, уулу атасын, кызы энесин жетелеп, ашуу ашып, таш басып, кайрадан көздөн учкан ыйык Ата Журтуна оролушту. А бирок алардын Ата Журту да адам ыйлагыдай абалда эле...

Эгер Үркүндө төрөлгөн адамдын ушу бүгүн 90 жашка чыгарын эстесек анда бул кандуу окуянын тирүү күбөсүн табуу азыр өтө кыйын. 1977-жылы өз оозунан жазылып алынган айтылуу кыргыз эл акыны, беш жашында ата-энеси менен Кытайга качып барып кайта келген маркум Абдрасул Токтомушевдин эскерүүсүнө көңүл буралы.

А.ТОКТОМУШЕВ:- Келгенден кийин элди эпидемия каптап, ачарчылык болуп, алаамат башталып, эл кыргынга учурап кетти.Саманчы деген менин атам Токтомуштун атасы болучу, ошол Саманчынын 34 баш тукумунан кырылып олтуруп, 17-жылы 5 гана киши калдык. Токмок менен Каракоңуздун ортосунда эл кыйрап жатты,”на-ан, нан, тама-ак-тама-ак” деп кыргыздын чал-кемпирлери, жаштары өлүп жатты, алардын өлүктөрүн иттер талап жеп жүрду. Мунун баарын мен өз көзүм менен көрдүм.

Каракоңузда дунган кыштагы бар, алар дайым камыш жагышат. Тикеленген камыштары ар бир дунган тамдарынын дубалдарына жөлөнүп турат. Кечке аңдыганыбыз ошол там боорундагы камыш. Кыш сөөктөн өтөт. Кечинде ошол камыштардын коңулуна башпаанек кылып корголойбуз. Дунгандар көрүп калса ташка алып жолотпойт. Биз- жетимдер алар жаткан кезде барабыз. Азыркыдай боордоштук деген жок. Доор башка. Ошентип калчылдап үшүгөнүбүзгө карабай камыштын арасында жатабыз. Эртеси турсак бирөө өлүп калган болот. Күнүгө ушул. Туруп эле кайыр сурап кетебиз.Кеч күүгүмдө кайра келип баягы камыштын арасына киребиз. Тоңгон өлүктү жазданып жатабыз. Деги эле өлүм дегенден коркпой калганбыз. Анткени өзүбүз да күндө миң өлүп, миң тирилип жүргөн жандарбыз.

Дунгандардын эшигин карап турабыз. Алар пияздын чириктерин, сабиздин кесилген түптөрүн жугундусуна аралаштырып көчөгө төгүшөт. Бакта, дубал кырында конуп олтурган ала каргалар жерге түшүрбөй илип кетишет таштандыны. Биз ошол ала каргалардан мурда жетип, дароо оозубузга салабыз. Колубузга албайбыз, алсак эле
чоң балдар жаактан ары басып тартып алат.Мына ушундай турмушта жашадым.

Анан жаз чыгып, сарымсак терген мезгилге жеткенден кийин кайыр сурап жүрсөм бир дунган кемпир бала кылып багып алды.Эки эркек, эки кызы бар экен, мага бир баласынын эски кийимин кийгизип,”атың мындан ары Лайвазы, атаңдын аты Ясыр болот, кыргызча атыңды унут” деди. Мени кайгыга салган ушул болду. Мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энемдин атын, асан чакыртып койгон өзүмдүн атымды жоюп, мындан кийин аны экинчи эстебе деп жатса мындан өткөн кордук болобу. Арга жок буга да көнүүгө туура келди. Көрсө дунган кемпир мени чын ниетинен эле бала кылып багып албай эле жумушун жасачу малай кылып алган экен.

Мени соодага көндүрө баштады. Тооктун жумурткасын бирөөлөрдөн он тыйынга сатып алып, аны саманга боеп сапсары кылып туруп кайра жыйырма тыйынга саттыртат, ую бар дунгандардан сүт алдырып келип, айран уюутуп, аны кайра эки эсе кылып саттырат. Ошентип жүрүп дунган тилин суудай билип калдым. Кыштактын ар бир үйүн коен жатагына чейин билем, анткени мен бирдеме сатып башбакпаган үй калбайт.
Ошондой күндөрдүн бир күнүндө, 1922-жылы күзүндө айран сатып жүрсөм эле бир аял, куруна тапанча тагынган бир киши келип эле “ушу кыргыздын баласы, ушуну кармайлы” деп келип эле мени кармап калышты.
Бир үйгө апкелишип, колума жип байлады да бир учун жанагы наган тагынган киши белине курчап койду. Ал күнү ошол жерде таң атырдым. Эртең менен эле сүйлөшүп аткан үндөрдү уктум, уксам” дунгандар багып алган кыргыз балдардын баарын чогултуш керек” жеп жатышкан экен. Бирок дунгандарга барып сурашса “биз эч кандай бала багып алган жокпуз, бизде бала жок” деп танып коюшуп, тигилердин айлансы кетип туруптур. Бүйрүм кызып кетип, айтсамбы-айтпасамбы деп ойлонуп туруп анан “дунгандагы балдардын кайда экенин мен билем, аларды мен таап берем” деп жибердим. Сүйүнүп кетишти. Чын эле ушул бала билет дешип, мени бала болуш кылып аташты да, белиме огу жок наган байлашып, бир батракты кошуп берип дунган үйлөрүнө атказышты.

Адегенде эле өзүм жакшы билген тааныш короого кирип, кыргызча атын унутуп калдым, дунган аты Маанар эле, “ Маанар кайда?” деп дунган кемпирден сурасам жок деп жооп бергенине ишенбей,”Маанар жүр ойнойбуз” дунганча чакырсам, короонун ортосуна көмкөрүлгөн казан кыймылдап кетти. Анан казандан Маанардын башы, анан өзү чыкты. Ошентип мен ушул ишимди күн сайын так аткарып, бардыгы 33төй кыргыз кыздарын, балдарын таап алып келдим. Совет бийлигинин атынан жүргөн кыргыздын жанагыл чоңдору ошол чөлкөмдөгү дунган байларынын баарын чакыртып, кыргыз балдарын кайтарып берүүнү, антпесе катуу жазаланарын катуу талап кылышты. Биз өңдүү жетимдерди кийинтип, ичиндирип,жууп-тазалап туруп Токмоктогу интернатка алып келишти.

Кыргыз эл акыны, маркум Абдырасул ТОКТОМУШЕВдин өз оозунан жазылып алынган бул радиоматериалды “Азаттыктын” кабарчысынын пайдалануусуна макулдугун бергендиги үчүн белгилүү радиожурналист Тенти ОРОКЧИЕВге терең ыраазычылыгыбызды билдире кетмекчибиз.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

XS
SM
MD
LG