Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

ИСАКОВ-ИСАБЕКОВ: БӨЛМӨ ТАЛАШ АКЫЙНЕГИ


Жогорку Кеңеш имаратында жайгашкан Кыргызстандын коргоо министрлигинин байланыш башкармалыгынын айланасындагы талаш уланууда. 2-августта парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков маалымат жыйынын өткөргөн. Коргоо министрлигинин жообу 3-августтагы маалымат жыйынында берилди.

Чатактын чоо-жайы угармандарга дайын деле болуп калды окшойт. Жогорку Кеңеш имаратына аскер байланыш кызматкерлери киргизилбей калганын көргөн Коргоо министрлиги 1-августта так парламент имаратынын жанында радиокөнүгүүлөрдү өткөрмөй болуп, атайын техникасын, куралчан жоокерлерин топтоп келип, ырбап бараткан акыйнекти ички иштер, коопсуздук кызмат жетекчилери ортого түшүп басты-басты кылышкан.

Коргоо министринин биринчи орунбасары Замир Молдошев мырза айдын башында аскер байланышчылары такай машыгуу өткөрүп турушат. Ошол себептүү Жогорку Кеңеш жанында радиокөнүгүү өткөрүүнүн эч кандай эрен-төрөнү жок экенин айтты.

- Айдын аягы болуп атпайбы, кийинки айдын башында радио чакырыктын жыштыгы алмаштырылат. Радиостанциянын чакырыгы өзгөрүлөт. Ошондуктан мен жашырын документтерди алып чыгып жыштыктарды тактап чыгышым керек, ансыз аскер бөлүктөрү менен түз байланыш үзүлөт. Радиожыштык, радиостанция алмашылат. Дал ушул кезмет алмашылчу күнү менин офицерлеримди иштеген жерине киргизбей жатышпайбы. Мен тийиштүү иштерди жасадым, байланыш үзүлгөн жок, эми бир жооп болсо, ошого жараша иш кылабыз,- дейт Замир Молдошев.

Жогорку Кеңештин төрага орунбасары К.Исабеков менен парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алишер Абдимомунов аскер байланышчылары ээлеген бөлмөлөрдү бошотуу жөнүндө төрт жылдан бери өтүнүч жолдонуп, жакындан бери чыгып кетүү талабын коюп келатышканын айтышат. 1-августта Жогорку Кеңеш имаратынын жанында өткөрүлчү радиокөнүгүүлөрдөн кийин парламенттин төрага орунбасары К.Исабеков маалымат жыйынын чакырып ортодогу талаштын чоо-жайын билдирген.

Коргоо министри И.Исаков вице-спикерге сөзсүз жооп болорун «Азаттыкка» күн мурун эле кабарлаган.

- К.Исабеков берсин пресс-конференцияны. Анан биз беребиз. Биз «а» дегенден кийин озунуп Биринчи «чабуулду» баштабайбыз, биз күтөбүз,- дейт И.Исаков.

Коргоо министринин орунбасары Кубанычбек Орузбаев бу талаштуу маселе И.Исаков өзү Жогорку Кеңеш депутаты болуп турган кезинде эле талкууланганын, аны эки бийликтин өкүлдөрү мыйзам чегинде эле чечип койсо болмок, деген пикирин билдирди.

- Менимче, эки бийлик муну мыйзам чегинде чечип, тийиштүү чечим кабыл алып берсе, биз, аскер адамдары, аны так аткармакпыз.

Эки бийлик ортосундагы бөлмө талаш аскер адамдарынын маанайын чөктүрүп койду, дейт К.Орузбаев. Анын ырасташынча, Кыргызстанда кийинки кездери чала молдолор, иш көзүн билбеген дилетанттар көбөйүп, ошонун айынан реформалардын көбү аксап, иш жакшы жүрбөй жатат.

- Айыл чарбасындагы, граждандык авиациядагы реформалар кандай аяктаганын жакшы билесиздер. Иш көзүн билбегендердин айынан туура эмес чечимдер кабыл алынган. Азыркы болуп аткан иш деле ошонун бири. Кичинекей бир чатак эми минтип жалпыга жарыя, башка жактарга дайынга чыккан окуя болгонун ойлонуп көрбөйлүбү,- дейт К.Орузбаев.

К.Исабеков аскер байланышчыларын имаратка киргизбөө тууралуу буйругу Жогорку Кеңеш сессиясында гана талкууга салынып, колдоого алынып же четке кагылышы мүмкүн дейт. Аскер жетекчилиги байланышчылар олтурган бөлмөлөрдүн Жогорку Кеңешке эч кандай тиешеси жок, аскердик милдетин аткарыш үчүн ага байланышчылар эч тоскоолдуксуз киришке акылуу экенин эскертишүүдө.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG