Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Жабылган ЖОЖдордун студенттерин которуу жол-жобосу такталды


Акыркы эки күндө министр Досбол Нур уулу бир катар ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуп, студенттерди которуу жол-жобосун талкуулады деп билдирет, министрликтин маалымат кызматы. Маалыматка караганда, студенттер кайсы окуу жайга которулушун министрлик сунуш кылган тизмеден өздөрү тандай алышат. Которуу күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер үчүн 10-августтан 20-сентябрга чейинки аралыкта жүргүзүлөт. Быйыл министрликтин чечими менен талапка жооп бербейт делген 7 жогорку окуу жайы жабылып, 21 окуу жайдан 89 кесипке даярдоо боюнча лицензиясы алынган. Которулууга туш болчу студенттердин саны жалпысынан 17 миңге жакын.

XS
SM
MD
LG