Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода, туризм, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташуу маселелери каралат. Комиссиянын түрк тарабын өлкөнүн мамлекеттик министри Бешир Аталай жетектейт. Түркиянын кыргызстандагы элчиси Серпиль Алпман бул жыйында былтыркы 24-мартта Бишкектеги талап-тоноочулуктан жабыр тарткан түркиялык ишкерлердин чыгымдарын компенсациялоо жана “Аккеме”- “Пинара” мейманканасынын тегерегиндеги маселелер да каралаарын билдирген.
Бүгүн cоода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссияларынын жыйыны өтөт