Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Орусия Өзбекстанга депортациялоочу 13 адамдын арасында Кыргызстандын да жараны бар


Орусиянын башкы прокуратурасы былтыркы Андижан окуясына катышы бар деп шектелген 13 адам Өзбекстанга өткөрүлүп берилээри жөнүндөгү маалыматтарды ырастады. Алар былтыр жайдан бери Иваново шаарындагы камакта отурган.
Өкмөттүк "Россияская газетанын" интернет баракчасындагы билдирүүсүндө, Башкы прокуратура өзбек бийлигинен ал 13 адам өлүм жазасына тартылбаары жана кыйноого алынбасы тууралуу кагаз жүзүндө кепилдик алынганын белгилейт.

"Россияская газетанын" маалыматына караганда, 13 адамдын бирөөсү Кыргызстандын Мамиржон Таштемиров ысымдуу атуулу. Калган 12си Өзбекстандын Улуттар уюмунан качкын статусун алган жарандары. Орусиялык Мемориал укук коргоочу уюму аларга тагылган айыптарды жасалма деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG