Кечээ Киевде президент Виктор Ющенко жана анын президенттик шайлоо боюнча мурдагы атаандашы Виктор Янукович коалициялык өкмөт түзүүдө алардын партияларынын биригүүсүнө негиз болуучу декаларацияга кол коюшкан эле. Президент Ющенконун айтымында, документ Украинанын Батышка кеңири интеграциялануусун жана базар экономикасына негизделген реформаларды жүргүзүүсүн кепилдөөгө багытталган. Украинанын жаңы өкмөтү эми Януковичтин Региондор, президент Ющенконун "Биздин Украина" жана Социалисттер партиялары тарабынан курулчудай. Коммунисттер өкмөттүк коалицияга кирбейт сыяктуу.
Ал эми президенттин саргылт ыңкылап боюнча өнөктөшү, мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенко кечээ кол коюлган декларацияны "маанисиз" деп атап, партиясы келишкис оппозицияга кетип жатканын жарыялады.