Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Кыргыз-түрк өкмөт аралык жыйынынын 4-кеңешмеси жыйынтыкталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк өкмөт аралык жыйынынын 4-кеңешмеси жыйынтыкталды. Жыйын соңунда эки тараптуу токтомго кол коюлду. Анда туризм, соода, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси каралган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында кыргыз президентинин Түркияга расмий иш сапары белгиленди. Анда кыргыз-түрк экономикалык байланышы, март окуясында талап тоноочулардан жабыр тарткан түрк ишкерлерине жардам берүү, "Ак кеме" мейманканасына байланыштуу маселер каралышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG