Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Ош мамлекеттик университети 1200 студентин окуудан чыгарды


БИШКЕК. ОШ мамлекеттик университенинен 1200 студент окуудан чыгарылды. Буга негизинен студенттердин соода-сатык менен алектенип, сабакка катышпагандыгы себеп болду. Мындай кыскаруу жогорку окуу жайда он беш кафедранын кыскарышына алып келди. Бул тууралуу университеттин проректору Ибрагим Жунусов «Азаттыкка» билдирди. Буга чейин билим берүү министрлигинин коллегия чечимине ылайык өлкө боюнча талапка жооп бербеген жети окуу жай жабылып, 21 окуу жайдан айрым лицензиялар алынган. Жалпысынан 17 миң чамалаш студентти башка окуу жайларга которуу муктаждыгы келип чыккан.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG