Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

ТОРУГАРТ ЖОЛУН ОҢДООГО ТЕХНИКАСЫН - ЖАПАНДАР, АКЧАСЫН - БАНКТАР БЕРЕТ


Жапан өкмөтү Бишкек – Торугарт автожолун оңдоого кыргыз өкмөтүнө 5,5 миллион доллар акчага техникалык көмөк көрсөтүүдө. Биртоп эл аралык каржы уюмдарынын жардамы менен канжолду оңдоонун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкмакчы. Эгер долбоор жактырылып калса эмдиги жылы Бишкек – Торугарт жолун оңдоо башталат.

Баш-аягы 539 чакырымды түзгөн Бишкек –Торугарт жолун оңдоо иштери буюрса, эмдиги жылы башталып калышы ыктымал. Ага чейин канжолду кантип оңдоонун техникалык негиздемеси, кетчү каражаты так эсептелип, даярдык иштери жүргүзүлөт. Быйыл күздө кыргыз-жапан өкмөттөрүнүн ортосунда тийиштүү документтерди кабыл алуу жөрөлгөсү жасалып, андан соң техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгат.

Азыр болсо Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында түзүлгөн Бишкек – Торугарт жол башкармалыгынын адистери канжолдун жарактан чыгып калган жерлерин жамап-жаскоо жумуштарын жүргүзүүдө. Башкармалыктын жетектөөчү адиси Куштарбек Амановдун айтуусунда, канжолдун 105 чакырымы жамап-жаскалат.

- Жарабай калган жерлерин жамоо деп коет, билесизби-билбейсизби, ошону жасап жатабыз. Ал эми жолду жакшылап оңдоо боюнча конкрет иштер баштала элек. Быйыл эларалык Бишкек – Торугарт жолунун 105 чакырымын оңдойбуз.

Бишкек – Торугарт жолун оңдоонун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо аракети мындан он жыл илгери, 1996 – 1997-жылдары, ТАСИС программасынын негизинде жасалган. Кайсы бир себептердин айынан башталган иш аягына чыкпай токтолуп калган. Өткөн жылы Азия өнүгүү банкынын демилгеси менен Бишкекте өткөн Борбор Азия экономикалык кызматташтыгы жыйынында Торугарт жолунун эларалык экономикалык байланышты өнүктүрүүдөгү мааниси эске алынып, дүйнөлүк каржы уюмдары аны оңдого каражат бөлүп берүүгө макул болгон. Кыргызстандын тарнспорт жана коммуникация министринин биринчи орунбасары Кубанычбек Мамаевдин ырасташынча, ушу тапта Бишкек – Торугарт жолун оңдоо боюнча техника-экономикалык негиздеме даярдалууда.

- Бардык процедуралары бүтүп, кеңешчисин тактап алышты. Азыр иш жүрүп жатат. Эми ал бир жылга жакын жүрөт. Баарын санап чыгышат, канча товар тартылат, канча жүк тартылат? Бул жол оңолуп калса жакын жайгашкан айылдардагы элге кандай пайдасы тиет? Ошонун баары экономикалык жактан эсептелип чыгат да, ага сарпталган акча канча жылда өзүн-өзү актайт, ушуга чейин так эсептелинип чыгат.

Бишкек- Торугарт жолун Кытайдан келген оор жүк тартчу машинелер кедеринен кетирүүдө. Оор жүк машинелерден алынчу жол акыны кымбаттатуу жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган соң жагдай жакшы жагынан оодубу? Ушундай суроону Нарын облустук акимчиликтин транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Байсейит Исмаиловго узаттык.

- Нарындан Атбашыны көздөй чыккан Кызылбел жолу толук талкаланып бүттү. Түзбелдин жолу, Акбейиттин жолу, Торугарттын белиндеги ашуунун жолу жаман. Караүңкүрдүн ичи оюлуп, асфальт кирип, дөңгөлөк батып кетет. Жолдун ахывалы абдан эле кыйын. Жакындан бери таразалар уюшулган, бир онбеш күндөй болуп калды го. Мынабу Нарындын өзүндө ПВК деген убактылуу туруп атат, - дейт Б.Исмаилов.

Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы, Жапан өкмөтүнүн жардамы менен Бишкек – Ош жолу оңдолууда. Ушундай эле иштер Талас – Суусамыр, Ош – Эркештам кан жолдорунда да жасалмакчы.

XS
SM
MD
LG