Орусиялык агенттиктер жазганга караганда аларды уурдоого ошол кезде Эрмитаждын кампасын кармап турган Лариса Завацкая көмөк көргөзгөн. Ууруга баргандар ушулар деген шек менен 5-августта эски асыл буюмдарды топтоочу петербургдук Максим Шепелди милиция кармаган. Анын эртеси кезегинде кампаны кайтарган Ларисанын эри жана уулу кармалган. Ата-баланын аты Николай болгондуктан – аларды Завацкийлер деп аташууда.
Лариса Завацкая былтыр, 2005-жылы күзүндө күтүлбөгөн жерден каза болуптур. Анын ишин кабыл алганы келген кызматкер, кампадагы асыл буюмдарды кайра эсептөөгө алып атып жоголгон буюмдар бар экендигин билип аны жетекчиликке айткан.
Петербургдун ички иштер башкармасынан алынган маалыматта музейдин асыл буюмдарын сактоочу кампаны кармап келген Завацкаянын эринин үйүнөн ломбардга зердүү буюмдарды өткөрүп акча алды деген көптөгөн (кайсы бир маалыматта 100гө чукул – ММ) квитанциялар табылган.
Ал эми «Ореанда» агенттиги жазганга караганда «кармалгандардын биринин үйүнөн (тинтүү учурунда – ММ) 300гө чукул икона табылган».
Эрмитаждын ишкердигинде эсеп-чот маселесинде чийки жери бар экени 1993-жылы өткөн текшерүүдө эле эскертилгенин өлкөнүн маданий байлыгын сактоо башкармасынын жетекчиси Борис Боярсков айтат:
«Андан бери (буюмдардын – ММ) эсебин тактоо, тизмелеп чыгуу системасында олуттуу оңолуу болгон эмес. Көптөгөн актылар менен салыштыруулар үстүртөн жазылган», - деген кечөө журналисттер алдында.
Ошол эле жетекчинин оозу менен айтылган кепте Орусияда орто эсеп менен алганда музейдин байлыгын уурдоо жылына 50-дөн 100 жолу болуп турат. Алардын бири, азыркы Эрмитаж уурдаткан байлык анын жалпы туруму 130 миллион рубль.
Мамлекеттик Эрмитаждын улут кенчин сактачу жайы замандын техникалык жетишкендигинен артта калгандыгын ал музейдин маалымдоо кызматынын жетекчиси Лариса Корабельникова моюнуна алат:
«Эрмитаждын (текшерүүчү – ММ) комиссиялар менен бирге жүргүзгөн иши ошондой эле асыл буюмдардын уурдалышы – учурдагы техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугунан болгонун көргөздү»/i>, - деди Корабельникова айым.