Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

ТАЛАСТАГЫ “МАНАС ОРДО” КОМПЛЕКСИНИН ИЧИ-СЫРТЫ ЖАНЫЛАНУУДА


Аталган комплексте учурда имараттарды оңдоо иштери жүрүп жатат. Алсак этнографиялык музей жана түлөөкана оңдолуп бүтүп, кезек дарыгерлер борборуна жеткен. “Манас Ордо” комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаевдин айтымында Манас ата гүлзарындагы эстеликтер урай баштагандыгына байланыштуу ал эстеликтер да жаңыртылууда. Мындан сырткары Манас ата гүлзарына коноктор олтура турган кооз орундуктар жасалып, комплекс жаңы эмеректер жана заманбап компьютерлер менен жабдылган. Булардын баары өкмөт тарабынан жана ички кирешеден түшкөн каражаттын эсебинен каржыланууда.

Ормош Чоюнбаедин билдиргенине караганда мурунку жылдарга салыштырмалуу быйыл ички кирешенин суммасы өскөн.

-Салыштырып айта турган болсок, 2004-жылы жыйналган каражатты быйыл төрт айдын ичинде жыйнадык. Бул биздин оңдоо иштерин жүргүзгөнгө жана материалдык-техникалык базабызды чыңдаганга чоң өбөлгө түзүп жатат.

Ордого кирүү акысы ар бир адамга он сомдон болсо, түлөөканага 200 сом төлөнөт. Ал эми түлөөкананын кызматкери Жанчарбек Ыскаковдун айтымында зыярат кылып келгендердин агымы жылдан жылга көбөйүүдө.

-Бир айда жүз башка чейин мал союулуп жатат. Мазар басуу, кудайдан тиленүү жагына эл ооп бара жатат. Өткөндө чет элден кыргыздар эмне үчүн сыйынганын жана эмне себептен түлөө бергенин билебиз деп чет элден адамдар келишиип, өздөрү мал алдырып сойдурушуп, биз эмне кылсак ошонун баарын жасашты. Түнкү саат бирге чейин комплексти кыдырышты.

Комплекске жайкысын гана меймандар көп келишет. Соңку убакта Кыргызстандын аймактарынан тышкары чет мамлекеттен келгендердин саны көбөйгөн. Алардын бири Германиядан келген Клавдия айым Манас Ордо комплекси тууралуу мындай деди:

-Мен Таласка курбумдун үйүнө конокко келгем. Ал атайын ушул жакка алып келди. Бул комплекс аябай кооз экен, өзгөчө имараттары жакшы салыныптыр. Мен келерки жылы да келейин деп ойлоп жатам, бирок жалгыз эмес үй-бүлөм менен келем го.

Чет мамлекеттен туристерди ошону менен бирге жалпы эле конокторду тартуу үчүн комплекстин жетекчилери видероликтерди тарттырышкан. Мындан сырткары жергиликтүү туристтик уюмдар менен иш алып барышууда. Аталган комплексте бир катар эл аралык жана республикалык деңгээлдеги маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ал эми жуманын ишембисинде кыргыздын көрүнүктүү акыны Байдылда Сарногоевдин ашы өткөрүлүп, ага республиканын жети облусунан жана чыгармачыл уюмдардан өкүлдөр катышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG