Иран чийки мунай экспорттоочу мамлекет болгону менен, өзү жетиштүү көлөмдө бензин чыгара албайт жана Иранда пайдаланылган күйүүчү майдын 40 пайызы импорттолуп келет. 2005-жылы жалаң эле автомашинелер үчүн Иранда күн сайын 67 миллион литр бензин корогон, быйылкы көрсөткүч 73 миллион литр болоору күтүлүүдө. Бензиндин баасы болсо бир топ арзан - бир литр күйүүчү май 9 цент, же кыргыз акчага которгондо үч жарым сом турат. Ошондуктан бензин саткан ишканаларга өкмөт жыл сайын 13 миллиард доллар субсидия берет. Экономика жана каржы министри Давуд Данеш-Жафари 11-июлда билдиргенге караганда, күйүүчү майдын чыныгы баасы андан алты эсе жогору. Мындай абалда өкмөт акыркы айларда же бензиндин баасын көтөрүү же аны сатууну чектөө пландарын ар башка жыйындарда караган.
Бирок андай чараларга эл каршы, ошондуктан президент Махмуд Ахмадинежад жакында региондорду кыдырганда ал тууралуу да суроолор берилди жана президент - бензин сатыгы чектелбей тургандыгы жөнүндө айтты. 9-июнда президент өкмөт мүчөлөрү жана провинция губернаторлору менен жолугуп, экономикалык маселелерди талкуулаганда, бензин сатыгы чектеле тургандыгы жөнүндөгү сөздөрдү жөн гана ушак деп атады. Анткен менен анын алдында, июндун аягында парламент спикери Голам Али Хаддад-Адел - күйүүчү майды сатууда чектөө киргизүү боюнча жасалган өкмөттүн сунушун парламент бекитти деп билдирген.
Ирандын айланасында эл аралык маселелер чыгып жаткан мезгилде мындай популярдуу эмес чараларды көрүү оңой эмес. Жылдын башында өкмөт андай чараларга барууга даяр болчу, бирок президент Ахмадинежаддын акыркы жарыяларынан кийин абал бир кыйла өзгөрдү жана татаалданды. Ошондуктан өкмөт башка чараларды да караштырып жатат. Мисал үчүн, газ менен иштеген автомашинелерге артыкчылык берилет, андан тышкары, эски машинелерге тыюу салынат. Аны менен катар президент өзү дагы - эгер бензиндин баасы көтөрүлсө же аны сатууга чектөө салынса, андай чаранын баары элдик талкуу аркылуу жана ачык жүргүзүлүүгө тийиш деп билдирди.