Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:30

Тажикстанда Өзбекстандын дагы бир жараны тыңчылык кылды деген айып менен соттолду


Кечээ маалым болгондой, Тажикстандын Кыргызстанга чектеш Согди облусунун соту өзбек жаранын тыңчылык кылганы үчүн деген айып менен 15 жылга түрмөгө кести. 43 жаштагы Ери Якубов Өзбекстандын пайдасы үчүн Тажикстан тууралуу саясий жана экономикалык маалыматтарды чогултуп бергени үчүн айыптуу деп табылды. Сот чечимине ылайык аталган өзбек тургунунун мүлкү да конфискацияланышы керек. Ушуну менен Тажикстанда акыркы үч ай ичинде тыңчылык кылды деген айып менен кеминде өзбек улутундагы үч адам соттолду. Өзбекстан Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылган адам камалганын быйыл июнда жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG