БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылынган резолюция долбоорун Франция АКШ менен биргеликте даярдаган. Кабарларга караганда, Париж эми Ливан өкмөтү менен Араб Лигасынын резолюция долбооруна Ливандан Израил аскерлерин тез чыгаруу талабын кошуу чакырыгын эске алган жатат. Андыктан Коопсуздук кеңешинде резолюциянын добушка салынышы дагы кечеңдеши мүмкүн.
Бүгүн Коопсуздук кеңешинде Кошмо штаттар Араб лигасынын тышкы иштер мнистрлеринин резолюция долбооруна өзгөртүү киригизүү боюнча кайрылуусун угууга макул болду. Араб лигасынын чукул жыйыны кечээ Бейрутта өткөн эле. АКШ президенти Жорж Буштун кечээги билдирүүсүнө караганда, жаңжалды токтотуу бобюнча резолюцияны мүмкүн болушунча тезинен кабыл алуу керек. Бирок президент Буштун айтымында, Вашингтон "Хезболла" тобун Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка шек келтирүү мүмкүнчүлүгүнөн мындан ары арылтуучу резолюяциянын кабыл алынышына умтулууда.